кызсайкал кабылова биография канча жашта
Кызсайкал кабылова биография канча жашта
Мындан эки жыл мурун ырчы, куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы ырчы Кызсайкал 17 жашында Эрнис Айдаралиев аттуу жигитке турмушка чыккан. Түгөйлөр кыздуу болгондо “ажырашты” деген кептер чыгып, бирок бүгүнкү күнгө чейин Эрнис да, Кызсайкал да жеке жашоосун ачыкташкан эмес. Ырчы “сиздер аркылуу жеке жашоом тууралуу кептерге чекит койгум келди. Биздин ажырашканыбыз чындык” деп агынан жарылып маек берди.
– Кызсайкал, кандайсың? Турмушка чыкканда “мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Жолдошум каршы болсо ырдабайм” деп айткан элең. Бирок акыркы кезде кайра ыр жаздырып, чыгармачылыкка кириштиң. Буга эмне себеп болду?
– Саламатсыздарбы? Турмушка чыкканыма байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеткенимди баары билсе керек. Азыр жашоомдун жаңы барактарын ачып, жаңы дем менен Мажит байкем экөөбүз чыгармачылыкка кириштик. Жакын арада биздин жаңы ыр, клиптерибизге күбө болосуздар.
– Сулуулук салон иштетесиң, дүкөн ачыптырсың. Канча жашыңдан өз алдынча иш баштагансың?
– Өспүрүм куракта сулуулук тармагында окуп, бир жыл иштедим. Кийинчерээк ата-эне, бир туугандарымдын колдоосу менен сулуулук салонун ачтым. Албетте, башында иштин көзүн тапканча кыйынчылыктар болду, көп жер котордум. Акыры такшалдым окшойт, туруктуу жерге орноштук. Кудайга шүгүр, ишибиз өз жолуна түшүп калды.
– Ал эми үй-бүлөңчү? Акыркы кезде жолдошуң Эрнис экөөңдү ажырашты деп угуп жатабыз. Бул чынбы?
– Ооба, жолдошум экөөбүз бир жыл мурун ажырашканбыз. Бир жыл бою жарашабыз-ажырашабыз деп жүрүп, акыры мамилебизге чекит койдук. Интернетте бизди “ ажырашты-жарашты” деп талкуу кылгандар көп. Андыктан сиздердин гезит аркылуу ажырашканыбызды тастыктап коюуну туура көрдүм.
– Экөөңөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар эле. Бул дагы бири-бириңерди билүүгө аздык кылдыбы?
– Ооба, биз бир жылдай сүйлөшүп баш кошконбуз. Эрнис жакшы адам, ал тууралуу жаман айткым келбейт. Болгону биз эки башка адам экенбиз, мүнөзүбүз келишпей калды. Албетте, катачылык бир жактан кетти дебейм. Ажырашканыбызга экөөбүз тең күнөөлүүбүз.
– Ажырашууну аялзаты оор кабыл алат, андан ары жашоосун улантуусу кыйын дешет. Сен абалдан кантип чыктың? Дегеле чыга алдыңбы?
– Чынында, бир жылдай депрессияда жүрдүм. Санаадан улам ооруканага жаттым. Кызымды колума алганга алым келбей калган учурлар болду. Жолдошумсуз жашай албайм деп ыйладым, жашоо токтоп калчудай сезилди. Бирок жашоо улана берет тура. Кээде аялзаты депрессия үчүн жаралганбы деп ойлоп кетем. Менин социалдык тармактагы баракчама катталгандар ошол кезде жан дүйнөмдө кандай төңкөрүш болуп жатканын билип калышса керек. Анткени ошол учурда сырдашканым социалдык тармак болуп калды.
Өзүмдү колго алып, жаңы жашоого кадам таштаганыма аз эле болду. Оор кырдаалда апам, курбуларым жардамга келип, колдошту. Мурун кичине нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алып ыйлай берсем, азыр баарын таразалап, туура кабыл алып калдым.
– Таарынышып жүргөн бир жыл ичинде үй-бүлөнү сактап калыш үчүн аракет кылдыңарбы?
– Албетте, экөөбүз тең колубуздан келишинче аракет кылдык. Бирок канча ыйлап-сыктабайлы, аракет кылбайлы, маңдайга жазганы болот экен. Муну мага берилген сыноо катары кабыл алдым.
– Эрнистин Инстаграм баракчасынан башка кыз менен түшкөн сүрөттөрүн көрүп калдык. Аны үйлөндү деп да уктук. Муну сен кандай кабыл алдың?
– Кызыңа өзүңдүн фамилияңды бериптирсиң. Күбөлүгүн кайра жасаттыңарбы же башынан эле сенин фамилияңда беле?
– Эрнис мени ала качып үйлөнгөн, аны билсеңиздер керек. Расмий түрдө никеге катталайын дегенибизде документ жактан маселе жаралып калды. Кийинчерээк таарынышып жүрдүк, ошону менен расмий катталбай калдык. Бир жылдай кызым документи жок жүрдү. Балким, Эрнис өзүнүн фамилиясына өткөрүп алар деп күткөм. Атасына күбөлүк алалы деп көп жолу сунуштадым, бирок оюм ишке ашкан жок. Жакында кызым экөөбүз чет өлкөгө чыкмакпыз, ошон үчүн ата-энем менен кеңешип, өзүмдүн фамилияма өткөрүп алдым.
– Сени турмушка чыкканда “эрте күйөөгө тийди” дегендер болду. Турмушуң бузулганда бул нерсеге өкүнгөн жоксуңбу?
– Өкүнбөйм. Балким, кыздуу болбосом өкүнмөкмүн. Кээде “ эгер ушундай кызым болорун билгенде 10 жашта деле турмушка чыкмакмын ” деп күлүп калам. Буга чейин кызым жок кантип жашап жүргөм, билбейм. Артка кайрылганда жашооңду өзгөртмөксүңбү деп сурашса, өзгөртмөк эмесмин деп жооп бермекмин.
– “Кызыма ким тийишсе ордуна коём” деген таризде билдирүү жазып каласың. Бул ойлор эмнеден улам чыгат?
– Бала кезден мага ким тийишсе, аларды ордуна коюп көнгөм. Буга чейин кызыма тийиштүү жагымсыз сөздөрдү угуп калгам. Ошондуктан билдирүү жазгам. Чын эле, эгер кызыма ким тийишсе, ордуна коюп коём. Бул маекти тиешелүү адамдар окуп, түшүнөт деп ойлойм. Ошондой эле гезит аркылуу жакындарымдан, элимден суранат элем, мен тууралуу эмне десеңер дегиле, бирок кызым жөнүндө жаман сөз айтпагыла. Анткени ал наристе, анда эч күнөө жок.
Акыркы учурда мага “ ажырашып жатам ”, “ мени күйөөм таштап кетти, кайын журтум кемсинтти, кеңеш бериңизчи” деп жазгандар көп. Менин эркектерге айтарым, бир үй-бүлөнүн жоопкерчилигин алып жаткан соң жоопкерчиликтүү болгула, ал эми аялзаты көтөрүмдүү болгула демекчимин. Менимче, жаңы баш кошкондо 2-3 жылга чейин жаштардын ортосунда түшүнбөстүктөр болот. Ошого чыдап коюшса, үй-бүлөсү туруктуу болот деп ойлойм.
Кызсайкал кабылова биография канча жашта
№872 18-24 июль, 2019-жыл
Өткөн сандарыбызда ырчы Кызсайкал Кабылова маек берип, жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн айткан эле. Кыргыздар бирөөнүн жашоосун талкуулаганга келгенде алдыга киши салбайбыз да, түрдүү талкуулар болду. Теманы улай ырчынын мурунку жолдошу Эрнис Айдаралиев менен маектештик. Каарманым модель, актёр, жеке ишкер жана эң негизги статусу ата экенин айтып берди.
– Эрнис, кыргыз коомчулугу жигиттин модель болгонуна жатыркоо менен, кээде шектүү карашат, бул кесипке кантип ээ болуп калдың?
– Башында спорт менен алек болуп жүрдүм. Самбо, грэпплинг менен машыкчумун. Спорт залда машыгып жүргөн учурумда моделдик агенттиктин биринен сунуш түшүп калды, бардым. Мага бул кесипти түшүндүрүп беришти. Ал жылдары модель эле эмес, профессионалдуу сүрөткө түшүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Макул болдум. 9-класста окуган балага, биринчиден, кызык болду, экинчиден, акча төлөп бере турган болушту. Көпкө чейин кесипти жакшы түшүнө албай жүрдүм. Модель десе эле сөзсүз жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүү деп элестетпеш керек. Мисалы, кыргыздын улуттук кийимин кийгизип түшүрүп элге жайылтса болот. Мен эч качан өбүшүп, кучакташып, жарым жылаңач сүрөткө түшкөн эмесмин, түшпөйм дагы. Эч бир жерде окуган жокмун, бул чөйрөдө деле көпкө иштей элекмин. Мен үчүн моделдик – хобби. Анын аркасынан клиптерге тартылууга сунуштар түшүп калды. Мага көбүнчө актёрдук жагат. Ал эми чыныгы багытым, нан таап жеген кесибим – ишкердик. Моделдик чөйрөдө клиптерге тартылып жүрүп, байкасам, баары эле сапаттуу костюм издешет экен. Идея ошол жактан жаралып, костюм саткан дүкөн ачтым.
– Интернет жашообузду бийлеп алды десек болот, сенин жашооң канчалык социалдык баракчаңа байланган?
– Азыр баракчадагы катталуучулардын санына карата аброй күтүп калган заман. Ошого карап деле мамиле түзүлчү болду. Бир убакта менин Инстаграмдагы баракчамды бузуп кетишкен. Ишенсеңиз, жанымда эле жүргөн адамдар жок болуп кетишти. Анда жаш жигит болчумун, ушунчалык катталуучуларымды көбөйткүм келди, бир күндө 3-4 сүрөт киргизип калдым. Атайы эл көбүрөөк көңүл бура турган сааттарда сүрөт киргизчүмүн. Ошентип топтогом. Азыр бул оору менен оорубайм. Бирок мен деле эл катары көз карандымын.
– Кандай үй-бүлөдө туулуп-өстүң?
– Карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Алайдан, апам Өзгөндөн болот. Мен ата-энемдин биринчи уулумун, менден кийин иним жана карындашым бар. Ошол жылдары кыргыздын баары эле чет жакка иштеп кетишпеди беле, апам менен атам мени таенемдин колуна таштап коюп, чет өлкөгө иштеп кетишкен. Балалыгым таенемдин колунда өттү. Кийин келип жеке иш баштап, ата-энем азыр ошол иштери менен алек. 1 жашымдан 8 жашыма чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Бишкекте жашап калды, алардын колуна келдим.
Спорт менен машыгып калганыма Алмаз деген таякем себеп болду. Кичине кезимде эле мага өзү билгендерин үйрөтүп, бир жыл машыктырды. Андан кийин спорт залга алып барды. Такси ал кезде 5 сом эле. Кароол деген айылдан Өзгөн шаарына барып машыгып турдум. Башында грек-рим күрөшү менен машыгып, анан самбого өттүм. Кийин грэпплингден катуу жаракат алып, токтотууга аргасыз болдум. Анын үстүнө үйлөнүп да калдым. Адатта мектептен кийин жогорку билим алуу керек го, мен көп жерлерге барып окуганга аракет кылдым, бирок ал жактан ийгилик жарата албадым. Кесипке ээ болуш керек деп өзүмдү көп эле кыйнадым, бирок болбоду. Көбүрөөк спортко кызыгып туруп алдым.
– Кел, эми Кызсайкал тууралуу сүйлөшөлү.
– Кызсайкал 17 жашында, мен 18 жашымда таанышканбыз. Таанышканда анын ырчы экенин, атасы Кабыл Бөрүбаев, Мажиттин карындашы экенин билген эмесмин. Кийин билдим. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Көбү эле мени “жаш үйлөнүп алып, турмушту билбей ажырашып кетти” деп айтып жатат. Бирок мен ал учурда үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөнгө даяр болуп үйлөнгөм. Токтолуп калган, жоопкерчиликти ала турган эле жигит болчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, 1 жыл жашап кыздуу болуп, эки ажырым жолго түштүк.
– Акыркы чекитти ким койду?
– Элдешели деп көп аракет кылдым, бирок болгон жок. Өзүңөр күбө болгондой, 600дөй адамды чакырып той да бергенбиз, ажырашып кетем деген ой такыр болгон эмес. Албетте, оор болду. Чынын айтсам, эзилип жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Акыркы чекитти мен койдум. Көбү эле ушул теманы айтып, сайттар, гезиттер “бул тууралуу комментарий бер” деп тажатып салышты. Мен эч бир учурда Сайкалды жамандабайм. Жакшы кыз, бактылуу болуусун каалайм. Башка эч нерсе дегим келбейт.
– Кызыңдын Кызсайкал дын фамилиясына жазылганына кантип макул болдуң?
– Ушул нерсени баса айткым келет. Менин сиздерге интервью берип отурганымдын бир себеби да кызым. Коомчулук мени талкууласын, Кызсайкал ды талкууласын, наристеге тийишпесин. Ушул нерсени тема кылып сайттар, телеканалдар чыгарып жатышат. “ Кызсайкал кызынын фамилиясын өзүнө жаздырды” деген темалар толуп кетти. Бул фишка кыла турган нерсе эмес, наристенин жашоосу. Кызсайкал көп нерсени өзүнө-өзү кылып алды, мен кантип фамилиямды кызыма бербей коёюн? Ошто иштерим менен алек болуп жүрүп калдым, алар Бишкекте жашап калышты. Жок жерден эле Кабылова кылып жаздырып алды. Ал менин кызым, фамилиясын өзгөртсө да атасы экенимди эч ким өзгөртө албайт. Көрүп жатсаңар керек, кызым менин көчүрмөм. Ортодо түшүнбөстүк, ызы-чуу болуп жатканда кызыма бара албай калып жаттым. Ал Алфия Айдаралиева эле боюнча калат. Өзүмдүн атыма котортуп алам. Азыр иштеп жаткан нерсемдин баарын кызым үчүн кылып жатам деп ойлойм. Мага эң чоң мотивация берген кызым.
– Кызыңды канча убакыттан бери көрө элексиң?
– Эки-үч ай болуп калды.
– Кызсайкал “жолдошум үйдө отурганымды каалайт” деп мурунку интервьюларында айткан экен, аял кишинин иштегени сен үчүн жат көрүнүшпү?
– Менде аял үйдө отурсун деген принцип жок. Апам деле өз учурунда иштеген, азыр деле иштейт. Бирок азыр моюнга алыш керек, жалкоо эркектер көп болуп кетти, ошол үчүн аялдар жапырт иштеп жатышат. Ошол эле учурда балдар каралбай, күйөөлөрүнө көңүл бурулбай калып жатат. Кээде ошол үчүн деле үй-бүлө бузулат. Мен ошол нерсеге каршымын. Күйөөсү иштесин, аялы балдарын карап, тамак-ашын жасап үйдө болсун. Эгерде күйөөсүнүн акчасы такыр жетпей жатса аялы иштесе болот. Бирок биздин маселе бул нерседен чыккан жок деп ойлойм. Биз болгону эки башка адам экенбиз. Убакыттын өтүшү менен түшүндүк. Мындан ары менде да, анда да баары жакшы болушун каалайм.
– Бул турмуштан сен өзүңө эмне сабак алдың?
– Аял менен күйөө ички маселени бөлмөсүнөн сыртка чыгарбашы керек экен. Ал тургай ата-энеге да билдирбей чечиш керек экен. Кызсайкал өзүнөн-өзү чалынып интервьюларды берип жатты. Элдин талкуусунда калдык, мен да мындан ары жеке жашоомду эч качан элдин назарына койбойм деген чечимге келдим.
– Бизге берген интервьюсунда Кызсайкал сен тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди, ошол видеону көргөндө кандай сезим болду?
– Мен көргөн жокмун, ага чейин да анын интервьюларын окучу эмесмин.
– Жашоо бир күнү баарын өз-өз ордуна коёт деп ишенели, ийгилик сага!
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Кызсайкал кабылова биография канча жашта
“Эң биринчи маек бергенимде эле “карьера жасайм, ырчы болом, белгилүү болом” дебестен, көп балалуу эне болом дегем. Азыр деле ошол пикирдемин. Очогумдун куту, мээримдүү жар, көп балалуу эне болууну кыялданган Кызсайкалмын. Жашоомдо көп нерсе өзгөрдү, бирок кыялым өзгөргөн жок”,- дейт ырчы. Акыркы жаңылыктары, жашоосу, ширин кызы, максаттары тууралуу маек курдук.
– Салам! Убактым такыр жок деп калдың, эмне иш менен алек болуп жүрөсүң?
– Саламатсыздарбы? Чыгармачылык жактан изденип, бир учурда эки клип тартып тытынып жүргөн убагым. Дароо 3-4 ыр жаздырып жетишкенге аракет кылып жатам. 3 айдан кийин жеке концертимди берем, ошого карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Ата-энем сахна адамдары болгондуктан төрөлгөндөн бери эле сахнада жүргөндөй сезим бар ( күлүп ). Эсимде, чоң сахнага 6 жашымда куудулдардын концертинде чыккам. Кийин өзүмдү сахнадан оолак кармап, качып жүрчүмүн. Толук берилип, ырдап баштаганыма 2 жылдан ашты. Шоу-бизнес мага чоочун эмес, агаларым, үй-бүлөбүз менен ушул багыттан нан таап жегенге ийне-жибине чейин билем десем болот. Аралашуу оор деле болгон жок, бул нерсе меники деп айта алам.
– Акыркы клибиңе кызыңды тартып жаткан экенсиң. Чыгармачылыкка шыгы барбы?
– Альфия 3 жашка толду. Ушунчалык кылыгы чыгып эзилтип жатат. “Кызыма” деген ырыма клип тартып жатканбыз, айрымдар “балаңды чыгарба, көз тиет” дей беришет го. Мен андай нерсени көңүлүмө албайм, көңүлгө албай койсо эле эч нерсе болбойт. Кызымдын жанында көп болгонго аракет кылам. Бирок көп учурда жумуш менен жүрүп калам. Ал апам менен көп убакыт чогуу болот.
– Кызыма үй алдым деп пост жаздың. Келечегине эрте кам көрүп жатасыңбы же атасына болгон “сенсиз деле оокат кылам” деген аялдык ички чыңалуубу?
– Кыз киши ата-энеси тарабынан корголуш керек деп эсептейм. Анткени жашоодо түрдүү нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мен атасына эмнеге эрегишет элем? Таштай турган киши таштап эле басып кетип калат экен. Ага көрүнүштү деле ойлогон эмесмин. Бардык энелердей “кызымдын келечеги кең болсун, кем-карчысы болбосун” деп калат экенсиң. Өзүмдүн апам да мени ойлоп турат.
– Эрке, ошол эле учурда өз турмушуна тың кыз маңдайымда отурат. Сага ата-энең кандай тарбия беришти?
– Тарбиядан да, табияттан да болот экен. Кичинемден эле акча таап, өз арабамды түртүп көндүм. Ата-энем “сен акча тап” дешкен эмес, же буга атайылап тарбиялашкан жок. Болгону “жашооңдо ордуңду тап” дешти. Алар тилегендей болбой калды. Бирок алдыда дагы көп нерсе болушу мүмкүн. 5 эркектен кийин жалгыз кыз болгонум үчүн жакшы эле эркемин, сөз көтөрө албайм, ыйлап калам. Азыр жашоого олуттуу карап калдым.
– Эрте турмушка чыктың, кийин ажыраштың. Ошондон кийин окуйм, чет өлкөгө чыгам деген максаттар болдубу?
– Жок, чет өлкөгө эс алууга да чыга элек экенмин. “Окуйм, кыйратып карьера жасайм” деген максат менде болгон эмес. Сиздердин гезитке берген алгачкы маегимде “көп балалуу болом” деген экенмин. Азыр деле мээримдүү жар, көп балалуу эне болгум келет. “Ийгиликтүү аял болоюн, белгилүү болоюн” деп такыр ойлобоптурмун.
– Жашооңдо бирөө барбы?
– Жок, жолуга элекмин.
– Жолуга турган адамың кандай болушу керек?
– Ушундай болуш керек деп шарт коё албайм. Буюрганы болсун. Мен жакшы көргөн адамымды толугу менен кабыл алам. “Ушул жери жакшы, бул жери жаман, анысын оңдош керек” дебейм. Мени да ошондой толук кабыл алган адам болушу керек. Кечээ эле ушул тууралуу ойлонуп койдум эле. Тандаган адамыңа кантип шарт коё аласың? “Сен романтик бол же акылдуу бол” деп айта албайсың да. Аны өзгөртүү мүмкүн эмес да.
– Сен эле аракет кылып, ал аракет кылбай жүрө берген эркекти деле кабыл аласыңбы?
– Эми Кудай мага ошондой күйөө буюруп койсо кабыл албаганда эмне кылмак элем? Анда өзүм иштегенге туура келет. Отуруп алса “тур, иште” деп айта албайм го. Алдап, түшүндүрүп айтып көрөм, болбосо кабыл алам.
– Муну окуган кыргыз эркектеринин 60 пайызы “мен алам” деп чыгат болуш керек. Эркектер өздөрүн кандай болсо ошондой кабыл алдыра албай убара го?
– Кыздар деле 100 пайыз идеалдуу эмес да. Эркек-аял бирин-бири толугу менен кабыл алса гана жашоо болот.
– Сени улам эле бир жигитти сүйдүрүп, жүрдүрүп салышат эмеспи. Сага катуу тиеби?
– Апама катуу тиет. Атам, агаларым шоу-бизнес кандай экенин эң жакшы билишет. Мен “айта беришет” деп көнүп калдым. Апам ызаланып “андай эмес го, ажырашып кетсең эле ушинтип жаза беришеби?” деп ыйлап калат. Эне экен да. Ажырашуу да тагдыр. Эч кимге сын такпаш керек. Ушунчалык такыба адамдар да кээде турмушу болбой ажырашып кетишет.
Алмаз байке (ред.: Шаадаев) менен дуэт ырдап калдык. Болбосо экөөбүздүн ортобузда мамиле болушу мүмкүн эмес. Ошол эле Сагын же башкасы. Булардын баары кесиптештерим. Эч кандай жеке мамиле жок.
– Жаңы мамилеге даярсыңбы?
– Даярмын. Бирок мен сүйгөн же мени сүйгөн киши жок. Ошентсе да эмнегедир даяр болуп калыптырмын.
– Мурункуларды коё бердиңби?
– Коё бердим, меники эмес адамдарды тез эле коё берем. Бирок эми турмушка чыксам, жолдошумду бекем кармап алып коё бербей жашайм го ( күлүп ).
– Оор учурдан кантип чыктың? Психологго барып же курстарга жазылып, же башка бир нерсе кылып көрдүңбү?
– Жок, андай нерселер мен үчүн эмес. Өзүмө-өзүм психолог болуп оор абалдан чыгып кеттим. Кыйынчылык келсе, демек, бул тагдыр. Андан күйөсүңбү, бышасыңбы, өтүш керек. Күйүш керек болсо күйүп туруп, кайра жаралыш керек болот.
Кызсайкал кабылова биография канча жашта
№872 18-24 июль, 2019-жыл
Өткөн сандарыбызда ырчы Кызсайкал Кабылова маек берип, жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн айткан эле. Кыргыздар бирөөнүн жашоосун талкуулаганга келгенде алдыга киши салбайбыз да, түрдүү талкуулар болду. Теманы улай ырчынын мурунку жолдошу Эрнис Айдаралиев менен маектештик. Каарманым модель, актёр, жеке ишкер жана эң негизги статусу ата экенин айтып берди.
– Эрнис, кыргыз коомчулугу жигиттин модель болгонуна жатыркоо менен, кээде шектүү карашат, бул кесипке кантип ээ болуп калдың?
– Башында спорт менен алек болуп жүрдүм. Самбо, грэпплинг менен машыкчумун. Спорт залда машыгып жүргөн учурумда моделдик агенттиктин биринен сунуш түшүп калды, бардым. Мага бул кесипти түшүндүрүп беришти. Ал жылдары модель эле эмес, профессионалдуу сүрөткө түшүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Макул болдум. 9-класста окуган балага, биринчиден, кызык болду, экинчиден, акча төлөп бере турган болушту. Көпкө чейин кесипти жакшы түшүнө албай жүрдүм. Модель десе эле сөзсүз жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүү деп элестетпеш керек. Мисалы, кыргыздын улуттук кийимин кийгизип түшүрүп элге жайылтса болот. Мен эч качан өбүшүп, кучакташып, жарым жылаңач сүрөткө түшкөн эмесмин, түшпөйм дагы. Эч бир жерде окуган жокмун, бул чөйрөдө деле көпкө иштей элекмин. Мен үчүн моделдик – хобби. Анын аркасынан клиптерге тартылууга сунуштар түшүп калды. Мага көбүнчө актёрдук жагат. Ал эми чыныгы багытым, нан таап жеген кесибим – ишкердик. Моделдик чөйрөдө клиптерге тартылып жүрүп, байкасам, баары эле сапаттуу костюм издешет экен. Идея ошол жактан жаралып, костюм саткан дүкөн ачтым.
– Интернет жашообузду бийлеп алды десек болот, сенин жашооң канчалык социалдык баракчаңа байланган?
– Азыр баракчадагы катталуучулардын санына карата аброй күтүп калган заман. Ошого карап деле мамиле түзүлчү болду. Бир убакта менин Инстаграмдагы баракчамды бузуп кетишкен. Ишенсеңиз, жанымда эле жүргөн адамдар жок болуп кетишти. Анда жаш жигит болчумун, ушунчалык катталуучуларымды көбөйткүм келди, бир күндө 3-4 сүрөт киргизип калдым. Атайы эл көбүрөөк көңүл бура турган сааттарда сүрөт киргизчүмүн. Ошентип топтогом. Азыр бул оору менен оорубайм. Бирок мен деле эл катары көз карандымын.
– Кандай үй-бүлөдө туулуп-өстүң?
– Карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Алайдан, апам Өзгөндөн болот. Мен ата-энемдин биринчи уулумун, менден кийин иним жана карындашым бар. Ошол жылдары кыргыздын баары эле чет жакка иштеп кетишпеди беле, апам менен атам мени таенемдин колуна таштап коюп, чет өлкөгө иштеп кетишкен. Балалыгым таенемдин колунда өттү. Кийин келип жеке иш баштап, ата-энем азыр ошол иштери менен алек. 1 жашымдан 8 жашыма чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Бишкекте жашап калды, алардын колуна келдим.
Спорт менен машыгып калганыма Алмаз деген таякем себеп болду. Кичине кезимде эле мага өзү билгендерин үйрөтүп, бир жыл машыктырды. Андан кийин спорт залга алып барды. Такси ал кезде 5 сом эле. Кароол деген айылдан Өзгөн шаарына барып машыгып турдум. Башында грек-рим күрөшү менен машыгып, анан самбого өттүм. Кийин грэпплингден катуу жаракат алып, токтотууга аргасыз болдум. Анын үстүнө үйлөнүп да калдым. Адатта мектептен кийин жогорку билим алуу керек го, мен көп жерлерге барып окуганга аракет кылдым, бирок ал жактан ийгилик жарата албадым. Кесипке ээ болуш керек деп өзүмдү көп эле кыйнадым, бирок болбоду. Көбүрөөк спортко кызыгып туруп алдым.
– Кел, эми Кызсайкал тууралуу сүйлөшөлү.
– Кызсайкал 17 жашында, мен 18 жашымда таанышканбыз. Таанышканда анын ырчы экенин, атасы Кабыл Бөрүбаев, Мажиттин карындашы экенин билген эмесмин. Кийин билдим. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Көбү эле мени “жаш үйлөнүп алып, турмушту билбей ажырашып кетти” деп айтып жатат. Бирок мен ал учурда үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөнгө даяр болуп үйлөнгөм. Токтолуп калган, жоопкерчиликти ала турган эле жигит болчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, 1 жыл жашап кыздуу болуп, эки ажырым жолго түштүк.
– Акыркы чекитти ким койду?
– Элдешели деп көп аракет кылдым, бирок болгон жок. Өзүңөр күбө болгондой, 600дөй адамды чакырып той да бергенбиз, ажырашып кетем деген ой такыр болгон эмес. Албетте, оор болду. Чынын айтсам, эзилип жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Акыркы чекитти мен койдум. Көбү эле ушул теманы айтып, сайттар, гезиттер “бул тууралуу комментарий бер” деп тажатып салышты. Мен эч бир учурда Сайкалды жамандабайм. Жакшы кыз, бактылуу болуусун каалайм. Башка эч нерсе дегим келбейт.
– Кызыңдын Кызсайкалдын фамилиясына жазылганына кантип макул болдуң?
– Ушул нерсени баса айткым келет. Менин сиздерге интервью берип отурганымдын бир себеби да кызым. Коомчулук мени талкууласын, Кызсайкалды талкууласын, наристеге тийишпесин. Ушул нерсени тема кылып сайттар, телеканалдар чыгарып жатышат. “Кызсайкал кызынын фамилиясын өзүнө жаздырды” деген темалар толуп кетти. Бул фишка кыла турган нерсе эмес, наристенин жашоосу. Кызсайкал көп нерсени өзүнө-өзү кылып алды, мен кантип фамилиямды кызыма бербей коёюн? Ошто иштерим менен алек болуп жүрүп калдым, алар Бишкекте жашап калышты. Жок жерден эле Кабылова кылып жаздырып алды. Ал менин кызым, фамилиясын өзгөртсө да атасы экенимди эч ким өзгөртө албайт. Көрүп жатсаңар керек, кызым менин көчүрмөм. Ортодо түшүнбөстүк, ызы-чуу болуп жатканда кызыма бара албай калып жаттым. Ал Алфия Айдаралиева эле боюнча калат. Өзүмдүн атыма котортуп алам. Азыр иштеп жаткан нерсемдин баарын кызым үчүн кылып жатам деп ойлойм. Мага эң чоң мотивация берген кызым.