максат ажы токтомушев биография
Улакчы, балчы жана чуулуу окуялары. Максат ажы Токтомушев тууралуу 9 факты
Ханафий масхавы боюнча Пакистанда жети жыл билим алган, спорт залда тер төгүп, ат үстүндө улак тартат, аары багып, мал кармайт. Экс-муфтий коомчулукта эмнеси менен белгилүү.
Кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматын жаңы эле тапшырган муфтий Максат ажы Токтомушевди каржы махинациясына айыптап кармады. Ал бухгалтери экөө зыяратчылардын 100 миллион сомдон ашык акчасын насыяга берип, анын пайыздык төлөмүнөн пайда көрүп турган деп шектелүүдө.
Мындай көрүнүш коомчулукту таң калтырып, жакасын карматты. Максат ажы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жети жылдан бери жетектеп келген.
Spuntik Кыргызстан агенттиги экс-муфтий тууралуу фактыларды сунуштайт.
Алты баланын атасы
Максатбек Токтомушев 1973-жылы 9-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында соодагердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Алты бир туугандын кенжеси.
Өзү төрт уул, эки кыздын атасы.
Зооинженер, экономист
Максат ажы 1991-1995-жылдары Айыл чарба институтунда зооинженер адистиги боюнча билим алган. Андан кийин 1997-2003-жылдары ханафий масхавы боюнча Пакистандагы «Аль-Арабия» университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ал эми 2010-жылы Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча билимин жогорулаткан.
Медреседен башталган эмгек жолу
Болочоктогу муфтий Пакистандан окууну бүтүп келгенден кийин 2005-жылдан 2013-жылга чейин «Абдулла ибн Масуд» медресесинде окутуучу болуп иштеген. Ошол эле учурда эки жыл (2008-2010) Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы мечитте имам болгон. Андан кийин Бишкек шаарынын казысы болуп үч жыл иштеген. 2013-жылы муфтийдин орун басарлыгына дайындалган. Ал эми 2014-жылдан ушул кезге чейин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болгон. 2017-жылы муфтийди шайлоодо жалгыз талапкер катары катталып, кайрадан шайланган.
Бургердин ачылышына барып.
2019-жылы жазда муфтий Бишкекте Black Star Burger ресторанынын ачылышына катышып, тасма кесип, кеченин негизги коногу катары сөз сүйлөгөн. Бул окуя талкуу жаратып, социалдык тармактарда ар кандай сын пикир айтылган. Анда дагы кызматтан кетишин талап кылгандар болгон.
открытие Блэк Стар Бургера и муфтий. теперь я видел все pic.twitter.com/ZoSTKow71v
Ооз ачардагы чыр
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат муфтият уюштурган ооз ачарга «Сапат» лицейинин президенти менен чогуу отуруп калганына нааразы болуп чыгып кеткен. Ал муфтийге каарын төгүп, «силерге 35 миллион долларга мечит куруп бердим, мени террордук уюмдун мүчөсүнүн жанына отургузасың. Мунуңду президентке айтам», — деп чуу салган. Максат ажы артынан барып аны токтотууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.
2017-жылы май айында социалдык тармактарда АКШдагы католиктердин чиркөөсүндө калпак кийген киши азан чакырып жаткан видео тараган. Көп өтпөй ал муфтий Максат ажы Токтомушев экени белгилүү болду. Муфтияттын маалымат кызматы бул католиктердин уруксаты менен ишке ашканын билдирген. Анда муфтий Америка тараптын чакыруусу менен иш сапарга барган болчу.
Спортко жакын, көк бөрү тартат
Максат ажы Токтомушев өмүр баянына кыргыз, орус, араб, урду тилдеринде эркин сүйлөй аларын жазган.
Ошондой эле ал бош убактысында спорт залга барып ден соолугун чыңдап турары айтып жүрөт. «Азия Mix» КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) муфтий менен спорт залда түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөгөн.
Аны менен катар ат таптап, аламан улактарда ойноп жүргөнү маалым. 2019-жылы 23-февралга карата депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү ортосундагы көк бөрү боюнча жолдоштук беттешке катышып, улак тарткан.
Киреше булагы, ажылыкты уюштуруудагы коррупция тууралуу пикири
Максат ажы буга чейин Sputnik Кыргызстанга берген маегинде 22 500 сом айлык аларын билдирген. Ошондой эле бал менен мал чарбасына дагы кызыгарын, диний кызмат менен бирге бал челек кармап, мал багарын айткан жайы бар.
Ал эми ажылыкты уюштурууда коррупциялык иштер болушу мүмкүн эместигин билдирген.
Муфтиятта иштегендер заңгыраган там салды, машина алды деген кептерге мындайча жооп берген.
«Элде «жегениң адал болсо, көчөгө чыгып алып же» деген жакшы сөз бар. Бирөөнүкүн уурдабасаң, тартып албасаң, арам жол менен таппасаң, маңдай териң менен тапкан каражатка машина алабы, учак алабы, өз эрки да. Эгер бул киши мына бул жерден уурдады деп далили менен алып келсе мамлекеттин алдында, элдин алдында жооп берет. Эгер өзүнүн маңдай тери менен тапса же кимдир бирөө белек кылган болсо ал башка кеп», — деген пикирин билдирген.
Чекисттердин тузагына илиниши
УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы жетекчилер зыяратчылардан түшкөн 100 миллион сомдон ашык акчаны насыяга берип, андан пайыздык төлөмдөрдү алып турганын аныктаган. Алгач бул ишти жабуу үчүн муфтияттын бухгалтери чекисттерге 100 миң доллар пара сунуштады деп кармалды. Буга байланыштуу 10-февралда муфтий Максат ажы Токтомушев өз арызы менен кызматтан кетти. Ушул эле күнү кечинде жогоруда сөз болгон кылмыш ишине тиешеси бар болгону туурасында далилдер табылды деп УКМК муфтийди дагы кармады.
Деген менен Максат ажы Токтомушев чуу менен кеткен алгачкы муфтий болгон жок. Андан мурункусу Рахматулла Эгембердиев бир жыл иштегенден кийин жаш аял менен төшөктө жаткан видеосу соцтармакка жарыяланып, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Кийин Эгембердиев видеодогу аял жубайы экенин айткан. Аны менен катар ага салыкты жашырган деген кине менен кылмыш иши козголгон.
Андан мурунку муфтий, маркум Чубак ажы Жалилов, өз эрки менен арыз жазып кеткенден кийин ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп кылмыш иши ачылган.
Чем запомнился Максатбек ажы Токтомушев на посту муфтия, кроме задержания за взятку
Редакция Kaktus.media в этом материале собрала информацию, чем запомнился на своем посту бывший муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев.
Напомним, Токтомушев задержан и водворен в СИЗО. Его и главного бухгалтера духовенства подозревают по факту дачи сотрудникам ГКНБ взятки в особо крупном размере, а также в финансовых нарушениях, связанных с использованием денежных средств, внесенных паломниками для совершения хаджа.
Краткая биография бывшего муфтия
Максатбек ажы Токтомушев родился в селе Кара-Кульджа Ошской области в 1973 году, в 1995 году окончил Сельскохозяйственный институт имени Скрябина по специальности «Зооинженер». Религиозное образование получил в Пакистане в университете «Аль-Арабия» по специальности «Исламское законодательство». Преподавал в медресе, был имам хатибом, занимал должность казы Бишкека и был заместителем муфтия до 2014 года. Женат, имеет пятерых сыновей и двух дочерей.
Шесть лет, два срока на посту муфтия
Максатбек ажы Токтомушев занимал должность главы духовенства с 2014 года. В 2017 году его переизбрали на второй срок. Он был единственным кандидатом. Следующее избрание муфтия должно пройти в этом году. Совет улемов Кыргызстана должен был определить дату курултая, на котором бы выбрали нового муфтия. Дату пока не определили, а попытки добиться досрочного сложения полномочий Максат ажы Токтомушева уже были. Еще до курултая на его место хотели назначить исполняющего обязанности. Попытка тогда не увенчалась успехом, а Токтомушев заявил, что его пытались сместить на основе фейковой информации, в которой говорилось, что средства, собранные для хаджа, использовались на выборах.
Собирался ли Токтомушев на третий срок?
В связи с интригами и скандалами вокруг его должности ранее молчаливый муфтий дал интервью. В нем он назвал имена людей, которые хотят его сместить, и сообщил, что собирается выдвинуть свою кандидатуру на третий срок.
Чем он запомнился на посту муфтия
Фото с Айеркеном Саймаити
Попало в Сетьобщее фото бывшего муфтия и бизнесмена Айеркена Саймаити. Тогда в пресс-службе ДУМК Kaktus.media сообщили, что эти фотографии сделаны за 2-3 года до убийства Саймати в Арабских Эмиратах во время поездки в умру. Муфтий Максат ажы Токтомушев познакомился с мусульманином Айеркеном Саймаити и благословил его.
Интервью не дает, но ходит на открытия Black Star Burger и бутиков
Скандал с финансами на хадж
Казалось бы, никаких особенных скандалов, связанных с муфтием, не было. А догадки о том, что вокруг паломничества в Мекку есть финансовые нарушения, оставались недоказанными. Но в дело вмешались люди со своей «кухни». Токтомушев сам заявил о том, что его подсиживает глава Совета улемов Абибилла Кадырбердиев. Это говорит о том, что коллеги знали о финансовых процессах муфтията.
Он подтвердил, что Совет улемов обвинил его в том, что 100 паломников, ранее внесших свои средства на совершение хаджа, не могут вернуть свои деньги. Письмо с этими обвинениями они передали Арзыбеку Бурханову, помощнику (неофициальному) Садыра Жапарова. В свою защиту муфтий заявил, что имена этих паломников фейковые и их в базе нет.
Скандал с земельным участком
Бывшего главу духовенства обвинили в скандале с земельным участком. Учительница Салима Медерова заявила на пресс-конференции в АКИpress, что Максатбек Токтомушев якобы выступил гарантом при покупке ею земельного участка у благотворительного фонда «Ихсан Хайрия». Пресс-служба ДУМК тогда заявила, что муфтий никакого отношения к покупке земельных участков не имеет.
Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматын өткөрүп берип кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда кечинде кабарлады.
Атайын кызмат билдиргендей, ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого экс-муфтийдин катыштыгы бар экендигине далилдер алынды.
Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Анда дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаганы маалымдалган.
Натыйжада 9-февралда Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү”) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.
Факт боюнча тергөө уланууда. УКМК анын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, коомчулукка маалымат таратыларын тактады.
Бул окуядан кийин муфтий Максат Токтомушев кызматтан кетээрин 10-февралда эртең менен жарыялаган болчу. Кечинде болсо өзү кармалды. (ErN)
Максатбек Токтомушев кармалды
10-февралдын кечинде УКМК кызматын тапшырып кетип жаткан муфтий Максатбек ажы Токтомушевди «кылмышка шектүү» деп кармады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек убактысы боюнча 22:33тө тараткан маалымат боюнча, мурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) байланыштуу каралып жаткан иштин алкагында муфтий М.а.Т. кармалганы маалым болду.
Буга чейин муфтияттын башкы эсепчисине УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда өз каалоосу менен кызматын тапшырып жатканы белгилүү болгон.
Анын бул чечими УКМКнын муфтияттагы коррупциялык иштерге байланыштуу билдирүүсү жарыяланган күнү маалым болду.
Атайын кызматтын маалыматында мындай деп айтылат:
«УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы (КМДБ) каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшагандыгы аныкталды».
Муфтияттагы «дүрбөлөң»
Мекеменин маалымдашынча, каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин Дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жаап-жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган. Ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси акча берип жаткан жеринен кармалган. Азырынча эсепчинин аты-жөнү ачык айтыла элек.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев бул иштер боюнча кыска комментарий менен чектелди.
«Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилет. Иштин чоо-жайын тергөө иликтесин. Ал эми устав боюнча, азирети муфтийдин милдетин аткаруучу болуп анын орун басары иш алып барат».
Сауд Арабия Падышалыгы 2020-жылдын эсебинен Кыргызстанга ажылыкка барууга алты миң адамга квота бөлгөн.
Анын 500 квотасы ажы башчыларына, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрүнө берилип, 5500 зыяратчыдан 3350 АКШ доллары өлчөмүндө ажылык үчүн каражат топтолуп, муфтияттын банк эсебине түшкөнү көрсөтүлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу былтыр ажылык үзгүлтүккө учураган.
Буга чейин муфтияттын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев ажылыкка бара турган зыяратчылардын канча акчасы сакталып турганы белгисиз экенин айтып чыккан.
«Ошондо 5500 адам ажылыкка акчасын төккөн. Анын ичинен эки миңдей адам акчасын кайра кайтарып алганын айтууда. Ошондо үч миңден ашуун адамдын 3350 доллардан топтогон акчасы муфтияттын банк эсебинде турушу керек. Мындан сырткары ажылыкка кезекке туруп, орун алуу үчүн 500 доллардан төлөгөн адамдардын да акчасы ал жакта сакталып турса керек. Ошентип, банк эсебинде 15 млн. доллардын айланасында акча болушу мүмкүн. Мен аталган акчанын отчетун беришин талап кылгам. Муфтийге эки ирет кат жазып, бирок эч кандай жооп алган жокмун. Мага “бухгалтер ооруп жатат” деп коюшкан. Негизи банктагы акчаны айландыруу мыйзамга дагы, шариятка дагы туура келбейт».
Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кеткен себебин, муфтияттын дарегине айтылып жаткан дооматтар боюнча комментарий берүүгө үлгүргөн жок. Бирок буга чейин ажылыктын акчасы боюнча үн катып, айтылып жаткан айыптоолор «жалаа» экенин билдирген.
7-февралда «Азаттык» радиосуна комментарий берип жатып, кызматтан кетпей турганын, үчүнчү мөөнөткө шайлоого барарын айткан:
Муфтийдин орун басары, Уламалар кеңешинин мүчөсү, белгилүү теолог Кадыр Маликов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бул окуядан кийин пост жазды. Анда ал «болуп жаткан окуяларга аралашкан эмесмин, алардын көбүн маалымат каражаттарынан жана башка адамдардан угуп-билип жаттым», деп билдирди. Анын айтымында, ажылык сапар пандемиядан кийинкиге жылган соң муфтиятта каржы тартыш болуп, реформаларды жүргүзүүгө техникалык жана каржылык колдоолор азайган.
Маликов болуп жаткан окуялар боюнча «азырынча сот болуп, күнөөлөр такталмайынча бүтүм чыгарып, баа берүүгө эртелик кылаарын» билдирген.
Ошол эле маалда ажылыкка чогултулган акчаны атайын эсепке салып, андан пайыз алып туруунун өзү Маликовду «нес» кылганын жазган. Бул окуялар «салттуу ишенимге, мечитке, жалпы муфтиятка катуу сокку» болуп кала берерин билдирген.
Дегеле, муфтияттагы ажылыктын акчасына байланыштуу кеп-сөздөр соңку бир айдан бери күч алган. Дин комиссиясынын мурдагы төрагасы Акин Токталиев бул тууралуу мындай деди:
«Ажылык келатканына байланыштуу муфтийдин орду талаш болуп жатат. Муфтиятта ири өлчөмдөгү каражат айланат. Бизге болжолдуу эсеп менен 5500 квота келет. Ошонун ичинен 500дөй квотаны чет өлкөлүктөргө 5-10 миң доллардан сатып жиберишет. Бул иштердин артында президент Садыр Жапаровдун жанында жүргөндөр турат. Буга чейин Арзыбек Бурханов мени чакырып алып “Максат ажыны алмаштыр” деп айткан. Мен каршы болуп койгом».
Эске сала кетсек, Токталиев өзү да президент Садыр Жапаров 9-февралда койгон жарлыктарга ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Медер Карабаев дайындалган.
Ажы сапарында айланган миллиондор
11-февралда муфтияттын Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны өтө турганы белгилүү болду. Ал жерде Максатбек ажы Токтомушевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралары жана анын милдетин аткара турган адам дайындалары кабарланган.
Муфтийдин эки орун басары бар, Жоробай ажы Шергазыев жана Кадыр Маликов.
Юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов муфтиятка байланыштуу окуяга кылдат мамилеге кылууга чакырды.
«Акыйткаттык үчүн айта турган болсок, муфтият өтө жакшы реформага муктаж. Ал жерде каржылык ачык-айкындуулук дагы болушу керек. Муфтияттын чатак маселелерге аралашып жатышы кээ бир радикалдык топтордун чырагына май тамызат. Биз көп улуттуу элбиз. Мусулмандар дин башкармалыгынын өлкөдөгү биримдикти сактоодо орду чоң. Андыктан муфтияттын ичинде оюн уштуруп же ойногонду токтотуш керек. Муфтияттын ичиндеги ынтымакка жана анын аброюна Кыргызстан ар дайым муктаж болот».
Максатбек ажы Токтомушев 2013-жылы муфтий болуп шайланып, 2017-жылы экинчи мөөнөтү башталган. Анын мөөнөтү 2021-жылдын апрель айында аяктамак. Ошондуктан март айында Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтий шайлоо өтмөк.
Муфтий шайлоодон чыккан интрига
Буга чейинки муфтийлерден Мураталы Жуманов да диний башкармалыкты сегиз жыл башкарган. Ал 2002- 2010-жылдары иштеген.
Жумановго чейин бул кызматты Кимсанбай ажы Абдурахманов (1991-1996, 2000-2002), Абдусаттар Мажитов (1996-2000) аркалаган.
Чыр менен кызматтан кеткен муфтийлер
Кыргызстанда муфтийлердин кызматтан кетүүсү көпчүлүк учурда чыр менен коштолгон. Маселен, муфтийлер уурдалып, сабалып, күч жана опуза менен кызматтан четтетилген учурлар кездешкен.
Алсак, 2010-жылы апрель окуяларынын маалында ошол кездеги муфтий Муратаалы ажы Жумановду белгисиз адамдар уурдап, коркутуп-үркүтүп, ири суммада акча талап кылышканы маалым болгон. Ал мындан көп өтпөй каза тапкан.
Жуманов өз каалоосу менен арыз жазып бергенден кийин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп кыска мөнөткө Абдышүкүр ажы Нарматов, Сүйүн ажы Кулуев турса, андан соң талаштуу жол менен келген Руслан ажы Жумагулов бир канча ай башкарган. Жумагуловдон кийин муфтиятты 2010-2012-жылдары башкарган маркум Чубак ажы Жалилов басымдан улам өз арызы менен мөөнөтүнөн эрте кызматтан кеткен. Жалиловдун тушунда муфтиятта реформалар, ажылык иштерин уюштуруудагы ачык-айкындуулук иштери жүргөн.
Андан кийин бир жарым жылдай Рахматулла ажы Эгембердиев муфтий болуп, чуулгандуу тасмага байланыштуу кызматтан кеткен. Эгембердиевди муфтийликке шайлоонун өзү да убагында чуу менен коштолгон.
Атайын кызмат Рахматулла Эгембердиев менен Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу кылмыш ишин козгогон.
Бул окуяларды ошол кезде айрым талдоочулар күч кызматтарынын муфтияттын ишине кийлигишүүсү катары баалашкан. Эгембердиев Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болуп, Казакстанда кармалган.
Ал эми учурда кызматтан кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушев “Таблиги жамаат” исламий кыймылынын Кыргызстандагы көрүнүктүү лидерлеринин бири катары айтылып келет.
“Таблиги жамаат” Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда тыюу салынганы менен Кыргызстан ага бөгөт койгон эмес.
Токтомушев муфтиятты башкарган жылдары мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, анын ичинде Кыргызстанга салттуу саналган ханафи-мазхабын жайылтууга салым кошкону белгиленет.
Максатбек Токтомушев Бишкектеги Айыл чарба институтун 1995-жылы бүтүргөн. Алгач дин илимин Бишкекте алып баштап, 1997-жылы Пакистандагы Ал-Арабия университетинин шариат факультетине тапшырып, аны аяктаган. Диний башкармалыкты жетектегенге чейин Бишкек шаарынын казысы, муфтийдин орун басары кызматтарында иштеген.
Айбек Бийбосунов
«Азаттыктын» Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Максат ажы токтомушев биография
Бывший глава ДУМК призвал кыргызстанцев к объединению. Он также отметил, что никуда не уезжал и остается в Бишкеке.
Муфтия арестовали, чтобы вместо него назначить своего человека? Ответ Жапарова
Должностных лиц ДУМК подозревают в том, что они пускали в оборот деньги паломников. Среди фигурантов дела есть и Максатбек Токтомушев.
Бухгалтера муфтията отправили в СИЗО ГКНБ до 10 апреля
Бухгалтер ДУМК был задержан 10 февраля по делу, в котором фигурирует имя бывшего муфтия. ГКНБ сообщил, что представители муфтията пытались дать взятку силовикам.
Стало известно имя исполняющего обязанности муфтия Кыргызстана
Прежний муфтий оставил должность на фоне скандала, связанного с финансовыми махинациями в Духовном управлении мусульман Кыргызстана.
Максата Токтомушева отпустили под подписку — уточнение суда
Ранее Акин Токталиев, назвавшийся адвокатом экс-муфтия, заявил журналистам, что того отпустили под домашний арест.
Максатбека Токтомушева отпустили под домашний арест — видео
Следователь требовал водворить бывшего муфтия в СИЗО на два месяца, но прокурор попросил отпустить его под домашний арест.
Стало известно, когда выберут нового муфтия Кыргызстана
Совет улемов назначил дату очередного съезда мусульман Кыргызстана, на котором выберут нового главу ДУМК.
Садыр Жапаров объяснил, почему задержали Максатбека Токтомушева
Президент утверждает, что муфтият конвертировал в сомы 8 миллионов долларов из средств паломников и положил в банк под проценты. Однако курс доллара подскочил на 15 сомов.
Омбудсмен просит не помещать в СИЗО экс-муфтия Максата Токтомушева
Токон Мамытов обращается к следственному судье и органам прокуратуры с просьбой об избрании меры пресечения Токтомушеву, не связанной с лишением свободы.
У здания ГКНБ собрались сторонники экс-муфтия Максата Токтомушева. Фото
Максат Токтомушев накануне подал в отставку после заявления ГКНБ о наличии уголовных дел в отношении руководства ДУМК. Вечером сотрудники спецслужбы задержали бывшего муфтия.
ГКНБ задержал экс-муфтия Кыргызстана Максата Токтомушева
Токтомушева задержали по подозрению в совершении преступления и водворили в ИВС следственного изолятора ГКНБ.
Муфтий КР навестил пострадавших в ходе столкновений в Бишкеке. Фото
Муфтий поговорил с врачами и узнал о состоянии пострадавших молодых людей. В Нацгоспитале их четверо.
Фото муфтия Максата ажы и Маратика из «Азии MIX» в спортзале
Ранее муфтий рассказывал, что в свободное время ходит в спортзал.
ДУМК не в силах выявлять вербовщиков — муфтий Кыргызстана
О борьбе Духовного управления мусульман Кыргызстана с экстремистскими вербовщиками рассказал муфтий Максат ажы Токтомушев.
Роскошные дом и авто у имама — это не харам. Интервью с муфтием КР
Верховный муфтий Максат ажы Токтомушев рассказал Sputnik Кыргызстан об организации хаджа, о соотечественниках, получающих религиозное образование за границей, поделился мнением о деятельности Чубака ажы Жалилова и о многом другом.
Муфтий Максат Токтомушев назвал размер своей зарплаты
Глава ДУМК рассказал, кто обеспечивает выплаты священнослужителям.
Когда откроется самая большая мечеть в Бишкеке, рассказал муфтий
Строительство религиозного храма началось в 2012 году.
Мусульманином, прочитавшим азан в церкви в США, оказался муфтий КР
В соцсетях появилось видео, на котором человек, похожий на главу ДУМ Кыргызстана, находится внутри католической церкви и читает азан
О чем говорили верховный муфтий КР и патриарх Кирилл — кадры со встречи
Патриарх Московский и всея Руси Кирилл встретился с верховным муфтием Кыргызстана Максатом ажы Токтомушевым
Максат ажы Токтомушев — биография
О деятельности Максата Токтомушева читайте в справочном материале информационного агентства Sputnik Кыргызстан.