майрамбек осмонов биография на кыргызском языке
Майрамбек осмонов биография на кыргызском языке
№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж
«Жорго минген жолдо мас, жубайы сулуу күндө мас» дегендей, эзелтеден эр жигит ат жакшысын тандап минген. Бүгүн болсо заман шартына ылайыктап темир тулпар айдаганга өттүк. Шаардын кыйма-чийме жолдорундагы кумурскадай жайнаган унаалардын арасында тыгында туруп ырчы Майрамбек Осмонов менен рулда маек курдук.
Үлгүсү – Тойота Эстима
Чыккан жылы – 2004-жыл
Түсү – Ак
Узундугу – 5 метр
Туурасы – 1 метр 80 сантиметр
Кыймылдаткычтын көлөмү – 2400 сантиметр куб
Орундуктардын саны – 7
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 12 литр
Баасы (АКШ доллары) – 6200
– Майрамбек мырза, алгачкы жолу рулга отурган күнүңүз эсиңиздеби?
– 2004-жылы шайлоодон тапкан акчама эски үлгүдөгү (старушка) Ауди машина алдым. Көрүнүшү, жүрүшү чыкыйган кыздай болчу. Балдарымдын апасы тың чыкма «эми бул машинең айдалбай тура берип дөңгөлөктөрү чирийт» деп намысыма тийгенинен шаарга айдап чыктым. Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде жол чыракта троллейбус токтоп туруптур. Артына келип машинамды токтоттум. Жашыл жанганда сигнал берип башташты. Же троллейбус жылбайт. Тушума келип «айдабайсыңбы!» деп колдору менен жаңсап өтүп жатышат. Аларды карагандан уялам. Унаамды бир аз артка жылдырып, чыгып кеткенге тажрыйбам жетпейт. Качан троллейбусту оңдоп, айдап кеткенче бүткөн боюмду тер басып күтүп турдум. Элден оолак барып кийимимди сыксам сууга түшүп кеткендей эле болуп калыптыр.
– Мынчалык кыйналганыңызга караганда айдоочулук күбөлүктү сатып алгансыз го?
– Чынын айтыш керек, айдоочулук күбөлүктү сатып алгам.
– Сулуу кыз, күлүк ат эзелтеден эркектин назарына биринчи түшчү нерсе эмеспи. Унаада баратып сулуу айымдарга көз кысып койсоңуз керек?
– Үйдөн шаарга чыгып баратканда чоң жолго чейин жолуккан эркек-аял болобу салып алам. Маанай жакшы болгондо «бир сөйкөңүз түшүп калыптыр, эшикте аба ырайы кандай?» деген өңдүү тамашаларды айтып калам. Чөөлөргө окшоп арт жакка өт, алдыма кел деп көз кыса элекмин. Ашыкча кетсең «сиз ажы белеңиз, молдо белеңиз?» десе өлдүң да.
– «Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт» деген накыл кеп бар. Унааңызды аяп жер караган учурлар болобу?
– Бирөөгө машинемди бербейм. Илгери бирөөдөн машинесин сурасам, «андан көрө жеңеңди ал» деп айтты эле. Мен аялымды алып кет деп кесир сүйлөбөйм. Сурап келген адамга «кокус талкалап алсаң мынча миң сом бересиңби?» деп сурайм. Сумманы укканда өз жолуна түшөт.
– Унааңызды өзүңүз оңдой аласызбы?
– Дөңгөлөгү жарылса, майы эскирсе алмаштыргандан башкасы колдон келбейт.
– Майрамбектин МАИчилер менен мамилеси кандай?
– МАИ кызматкерлерине байма-бай түшөм (Майрамбек мырза суроого жооп берип баштары менен «эшекти сөз кылсаң кулагы көрүнөт» болуп, ала таякчандар тосуп калышты. Интервью берип жатканын түшүндүрдү да, учурдан пайдаланып МАИ кызматкерлерин өз кызматын мыкты билгенин айтып, ар дайым сый көрсөтүшөрүн кошумчалады эле, сууга түшкөн данектей мурундары барбайып, жылуу сөзгө ичи жылыган ала таякчандар бизге ак жол каалашты).
– Эреже бузуп айып пул төлөгөн учурларыңыз болгонбу?
– Буга чейин акча бере элекмин. Биз көбүнчө тойлордо жүрөбүз да. Тойдон келатканда токтотуп калышса, кызматкери келери менен баштыктын оозун ачып, «ооз тийгиле, силер да той бергиле, келгиле, мени коё бергиле» деп тамашалайм. Тааныган соң коё беришет. Мындан сырткары МАИ кызматкерлеринин гимнинин авторумун. Билгендери «гимндин автору» дешип көпкө кармашпайт.
– Шашканда ылдамдыкты канчага чыгарасыз?
– Эсимде, Ауди үлгүсүндөгү унаам менен саатына 120 чакырым ылдамдыкта кетип баратсам алдымдан уй чыгып калды. Андан качып оңго бурсам, машина чыгып, солго буйтасам дагы уй чыгып калса болобу. Кудай сактап кырсыкка кабылбай өтүп кеткем. Ошондон кийин өзүмө саатына 100 чакырымдан ашырбайм деп сөз бергем.
– Техниканы экинчи абак деп коюшат. Кылт этсе кырсык каш-кабактын ортосунда болуп кетет. Кокустук болгон учур болгонбу?
– Былтыр орозого үч күн калганда Кара-Балтадан келе жатып кырсыкка кабылдым. Жанымда шеригим бар болчу. Трассада келатканда көзүм ирмелип баратканын билем. Маршруттук таксини сүзгөндө ойгондум. Кийин көзүм ирмелген жерге барып, кырсык болгон жерге чейинки аралыкты эсептесем бир сааттай убакыт экен. Көрсө, көзүм ачык, бирок мээм чарчагандыктан эс-мас абалда бир саат жол жүрүптүрмүн.
– Унааңызды өзүңүз сатасызбы же тааныштар аркылуу саттырасызбы?
– Бир жолу базарга чыксам баштан аягыма чейин карап «сен дагы машина сатасыңбы?» деп таңыркагандар болгон. Биз деле кадимкидей эле адамбыз да. Курсагыбыз ачса көчөдөн самса сатып жейбиз дегендей.
Таанышым күнүгө үйүнө чакырып, акыркы кыямын, кантын коюп жатып Мерседес үлгүсүндөгү машинесин саткан. «Канча бензин кетет?» деп сурасам, «12 эле литр» деген. Ишенип алыптырмын. Көрсө, бензинди жутат экен. 14 айда куйган бензинимдин акчасын эсептесем 123 000 сом болуптур. Анан сатайын деп базарга алып чыксам өтпөйт. Базарга каттай берип көнүп да бүттүм. Бир күнү башка улуттагы жигиттер сураганынан 5 000 долларга берем десем, кымбат деп кетип калган. Арадан көп өтпөй баягы жигиттин бири коңгуроо кагып, «машинени алайын дедим эле» дейт. Баалашып ошол эле суммага алып кетти. Ачкычты алып жатып «100 чакырымга канча бензин керектейт?» деп сурады эле, мага саткан адамдын жообун кайталап, «12 эле литр» десем кудуңдап айдап кеткен. Бир күнү баягылардын бири чалып, «Бул Майрамбекпи? Сен цыган экенсиң» деп телефонун коюп койду. Көрсө, ал жигиттердин улуту цыган экен. Ошентип цыгандарды алдап машинемди сатып ийгем.
– Машинанын түсүнө көңүл бурасызбы?
– Ооба. Авария болгон унаам күмүш түстө болчу. Мурдагы үч машинамдын түсү жашыл болчу.
– Бирөөгө машина айдаганды үйрөттүңүз беле?
– Эч кимге үйрөтө элекмин. Буюрса, балдарыма үйрөтөм.
– Машинаңызды өзүңүз жууйсузбу?
– Өзүм эле жууйм. Акчадан качкандыктан эмес, кыймыл-аракетте болоюн деп жууйм.
– Азыркы унааңыздын эмнесине кызыгып алгансыз?
– Кенендигине. Аркасына музыкалык аппаратураларды жүктөгөнгө ыңгайлуу.
– Канчанчы кожоюнсуз?
– Экинчи
– Күнүнө канча литр май коротосуз?
– Айына 7000-8000 сомго бензин куям.
Майрамбек осмонов биография на кыргызском языке
№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.
Бир кездери Бек, Сыймык, Мухтар өңдүү ырчылар менен катарлаш ырдап жүргөн Майрамбек Осмонов аттуу ырчы агабыз бар эле. Ажылыкка барып зыярат кылып келгенден бери бул ырчыны сахнадан кээде гана көрүп калдык. Анда биздин сыйлуу төрүбүздө айтылуу Майрамбек Осмонов болмокчу.
«АТАМДЫ СҮРӨТКӨ ТАРТЫП КОЮП, ТАЯК ЖЕГЕМ»
-Балалыгым Токтогул районунун Толук айылында өттү. Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз, мен жетинчисимин. Кичинемде курсагымды тойгузуп койсо, мойтоюп эле отура берчү экенмин. Шоктук, тентектик деген менде болбоптур. Азыр апам айтып калат, “көрсө, тилиңден чыкмак турбайбы” деп. «Бактылуу балалык – ата-энеңдин көзү тирүүлүгү» деген чын экен. Кой-ай дей турган кожоң бар. Бирөө таш менен урса, келип атаңа айтасың. Өзүм айылда Кыпчак деген байдын коюн кайтарып чоңойгом. Ал – өзүмдүн атам. Атам колунан көөрү төгүлгөн уста эле, мындан 6-7 жыл мурун инсульттан каза тапты. Атам 39 жыл өмүрүн устачылыкка арнаган адам. Темир устачылыктын айынан бирөөгө така жасап берем деп анын сыныгы көзүнө кирип кетип, көзү өткүчө бир көзү көрбөй, майып болуп калган. Ага кол кабыш кылып жүрүп бул кесипти жакшы эле өздөштүрүп калсам керек, өзүмө зымдан машина жасап ойночумун.
Мектепте дене тарбия, математика, сүрөт, тарых сабактарынан жакшы окугам. Атам да мени айылдагыларга «балам сүрөтчү болот» деп мактап калчу. Эсимде, бир жолу атамдын сүрөтүн тартып жатып анын бир көзүнүн майып экендигин жашырбастан тартып коём деп аябай таяк жегем. Ошондон кийин сүрөт тарткыс болдум. 7-класска чейин жакшы эле балалыктын доорун сүрдүм десем болот. Андан кийин ишке жарап мал карап, чөп чаап, суу жыгып келмей деген жумуштар менин мойнума жүктөлдү. Бул нерсе адамдын өзүнө эле жакшы экен, атам айтчу, “кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн” деп. Мен азыр да бир күн эс алып, эртеси жумуш кылбасам кадимкидей бук болуп ооруп калам. Табиятымдан эмгекчилмин.
«ТАЛАНТЫМДЫ ЖАРНАМАЛАГАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ»
-«Көптөн бери көрүнбөй кеттиң» деп сурап калышат. Эл катары эле жүрөм, өз турмушум менен жашап. Силердин гезитиңерге чыга элегиме да 7-8 жыл болуп кетиптир. Кээ бир адамдар бар го, 99 пайыз таланты жок, бирок бышпаган талантын жарнама кылып, ар кимдин артынан чуркап жүрө беришет. Мен антип өзүмдү сүйгөн адамдардан эмесмин. Спорт Ордосу менен филармонияга басып барбаганыма көп болуп калды. Бул менин ал жайларды танганымдан эмес, жөн эле буттар тартпай калды, чарчаган окшойм, сыягы. «Тулпар тушунда, күлүк күнүндө» деп коёт эмеспи, биздин ордубузга бара турган адамдар деле чыкты. Курандан башка нерсенин баарынан чарчайт экенсиң. Күндүз үйдө устачылык кылып жаным тынбайт, кечкисин тамадалык кызматым бар. Элге чачып койгон ырыскымды жыйнап жүрөм. 3 балабыз бар. Баары өз нугу менен.
«ЫРЛАРЫМ БОЛГОН ОКУЯДАН АЛЫНАТ»
-Негизи, мен ырды чыныгы окуялардан алып жазам. Мисалы, “Нарындык кыз” деген ырым мындан 13 жыл мурун башымдан өткөн окуядан алынган. Бейтапканага барсам, жакшынакай бир келин отуруптур. Жанында жигит отурат, ал кыз аны көзүнө илбей эле мени карайт. Мен бул жакта бушайман болом десең, «тигиниси байкап калса эмне болот?» деп. Кечинде филармонияда концерт берип, кафеге тамактанганы кирсем, жанагы кыз баягы жигити менен ошол жакта отурат. Ырдын текстинде “карап өттүң сен да, карап өттүм, көзүм менен чачыңды тарап өттүм. Жаныңдагы жигиттен чочуркадым, акыл-эстен адашып араң өттүм” деген саптар ошондогу абалымды чагылдырган. Кийин ал кыз менен таанышып, таксиге салып узатып жатып бир жолу сол бетинен өпкөн элем, “бир ай болду таанышып алганыма, сол бетинен бир гана жолу өптүм” деген саптарды да ырга кошком. Ошол бойдон кийин аны издебедим. Билбейм, ал учурда экөөбүзгө тең сүйүүнүн баркы жок беле, ал сүйүүбү, сүйүү эмеспи, түшүнбөгөн бойдон калдым. Ал эми Айнура Салахидинова ырдап жүргөн «өзүң деп соккон жүрөк, өзгөгө чаппай калды» деген саптары бар “Арман” аттуу ырымды биринчи жубайым Айгүлгө арнап жазган элем. Ошондо ичип жүрчүмүн. Аны менен урушуп-талашып жүргөн күндөрү досумдун вагонунда отуруп алып жазгам. Айгүлдүн үйүнө келип, көчөдө аккордеон менен ырдап берип жатып жарашкам. Бирок тагдыр ушундай экен, экөөбүз балалуу боло албай, эки айрым жолго түшкөнбүз.
Ырчылык, устачылык, сүрөтчүлүк өнөрлөрүмөн да күчтүүрөөк өнүккөнү куудулдугум болуш керек деп ойлойм. Анткени бир кишинин жанында 3 күн жүрсөм эле туурап алам. Кээде адамдын тамак жеп, оозунун кыймылдаганынан бери туурайм да, анан кээде ойлонуп, таң кала берем, бул деле Жараткандын берген таланты болсо керек деп. Күзүндө бере турган концертимде он чакты депутатты туурасам деп даярданып жатам.
«АЖЫ БОЛСО ЭЛЕ КАРАҢГЫ БОЛУП КАЛБАШ КЕРЕК»
-Ажыга барып келгенден кийин такыр эле караңгы жерде камалып калбаш керек. «Майрамбектин ырларынын тексттери ажы деген атына жооп бербейт” деген өңдүү сындарды мен этибарга албайм. Ал коомго жараша болот. Азыр элдин 80 пайызы сакалчандарды жаман көрөт, себеби коом сакалчан эмес. Ал эми Арабияда, тескерисинче, сакалы жокторду жаман көрөт. Мына, өзүмдү эле мисал кылсам, мен тойлорду алпарганда дин тууралуу айтсам, элдер чарчап кетишет. Ал сынчыларга айтарым, Майрамбек Осмоновсуз деле динди жеткире турган адамдар бар. “Шам намазга барайын, жолугалы кечинде” деген – жөн эле чыгарма. Башка обончуларга караганда менин тексттерим сонун эле, муну мен мукактанбай эле айта алам. Адамдын кан басымын көтөрүп, өлтүрө турган тексттери бар ырларды угуп эле жүрөбүз го.
Обончу, ырчы МАЙРАМБЕК ОСМОНОВДУН куудулдук өнөрү
“Чоңко” куудулдар фестивалынын лауреаты, эстрада ырчысы, обончу Майрамбек Осмонов “Азаттык” радиосуна өзүнүн куудулдук өнөрү тууралуу маек куруп берди.
Майрамбек Осмонов тоолуу Токтогулдун Толук айылында төрөлгөн. Токмоктогу маданият техникумун бүтүргѳн.
Азыркы тапта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр (искусство) институтунун 4-курсунда окуйт.
Ошто, Жалалабадда, Бишкекте өткөн эстрада ырчылары жана куудулдарынын республикалык бир катар сынактарынын, фестивалдарынын лауреаты. 1996-жылы Бишкекте өткөн республикалык “Чоңко” куудулдар фестивалында калыстар тобунун чечими менен Майрамбекке «куудул» деген наам ыйгарылган.
Ал өзү теңдүү кесиптештеринен чукугандай сөз тапкан тапандыгы, тамашанын балын тамыза куюлуштурган кепкөйлүгү, ажардуулугу, чымчыкей, жанытмаларынын курчтугу менен айырмаланат. Айрыкча, ал тигил же бул инсандын үнүн, кебете-кешпирин, баскан турганын келиштире образдуу туурайт.
— Майрамбек мырза, канча жашыңыздан баштап куудулук өнөргө кадам таштадыңыз?
— Менин куудулдук өнөрүм кичинекей кезимден эле башталды деп эсептейм. Биздин айылдагы мектепте Колхозбек деген агайым мугалим болуп иштечү. Ал мен эң жаман көргөн эсеп сабагынан экзамен ала турган болуп калды. Эртең экзамен деген күнү классташтарым менен түнү бою эмне кылам деп акылдашсам, бир балабыз: “ Майрамбек, эсиңдеби, агайдын үйү менен ашканасынын каалгалары тушма-туш турат. Ошону айла таап, эптеп бекитишиң керек. Ошондо гана сенин жаның калат” деди. Ичимден “таппасаң сыйпалап кал” дедим да, атамдын кыйып койгон теректеринин эң оорунан тандап, агайым уктаган маалда эптеп көтөрүп барып, үйүнүн эшиги менен ашканасынын эшигине эмне болсо ошо болсун деп тиреп койдум. Эртеси агайым экзаменге келбей калды. Ошентип, ошол күнкү экзамен күйүп кеткен эле. Менин куудулдугум ушундан башталды го деп ойлойм.
— Майрамбек мырза, эң алгачкы жолу кимдерди туурадыңыз эле? Эсиңизде болсо ошолордон туурай отурсаңыз?
— Майрамбек мырза, өкмөттүн жетекчилерин баш, коомдук ишмерлерди, ажыларды, жазуучуларды, ырчыларды төш кылып башка кесип ээлерин да туурап жүрөсүз. Мүмкүн болсо, илхамыңыз келип турса, алардын бир-экөөсүн туурап берсеңиз?
Кѳп аял алуу жөнүндѳ Кыргызстандын мурдагы муфтийи Кимсанбай ажыны Майрамбек Осмонов:
— Майрамбек мырза, азыркы күндөгү куудулдардын аткаруучулук чеберчиликтери, репертуарлары жөнүндө жеке оюңуз кандай?
— Менин оюмча, азыркы куудулдардын ичинен аткаруучулук чеберчилиги, репертуары, өнөрү жагынан Жаныбек Алыкулов күчтүү. Андан кийин «диплому жок режиссер» деп аталган Абдылда Иманкуловдун куудулдук чеберчилиги да күчтүү. Жаныбек ар тараптуу, көп жактуу куудул. Ал пародия багытында орус, кыргыз тилдеринде сүйлөп, угармандардын жарпын жазат. Аткаруучулук чеберчилиги мыкты. Маркум Манас да жакшы куудул эле. Ал эми калган куудул сөрөйлөр кечирип коюшсун, аман эле болушсун. 1992-жылы куудулмун деп сахнага бир жолу чыгып алып, өмүр бою жашайм дебей, эмгектениш керек.
Майрамбек осмонов биография на кыргызском языке
№718 05-август-11-август, 2016-ж
Майрамбек Осмонов талантка бай. Ырчы, обончу, пародист, куудул, тамада, уста. Бул киши интернетти иттер көп, WhatsApp`ты бок-сак, Фейсбукту пейили бузук, Инстаграмды үйүңүзгө барам деп тамашалуу кылып атап алган. Маектешүүгө келери менен аккордеонун колуна алып жаңы жазган ырын буркан-шаркан түшүп 3-4 ирет кайталап ырдап берди.
– Майрамбек мырза, энергияңыз ашып-ташып турат экен. Энергияны кайдан аласыз?
– Апам чыйрак аял. Учурда 76 жашта болсо да булкулдап турат. Тамыры терең болбосо тал-теректи жулуп алайын дейт. Мен апамды тарткам. Эртең мененки саат 8ден түнкү саат 11ге чейин кара жумуш менен да, чыгармачылык менен да алектене берем. Чалкамдан түшүп жаздык майланыштырып сыналгы көрүп жатпайм. Качан болсо ишим бар. Канча жумуш кылсам да эртеси күнү энергиям толуп турат. Эс-тутумду жакшыртыш үчүн ыр жаттайм. 6-7 куплетти бат эле жаттап алам. Азыр Эсенгул Ибраевдин эне тил тууралуу ырын жаттап жатам. Тойдо жакалагандар көбөйүп кетип бокс менен машыга баштагам. Бирок негизги максатым – ден соолукту чыңдоо. Залга барардан мурун 5 чакырым чуркап, анан машыгууну улантам. Ошол себептен болсо керек, 8 жылдан бери тушоо тойдо алдыма киши сала элекмин. Мындан тышкары былтыр аппаратураларды сатып алып аранжировка жасаганды үйрөндүм. Азыр бул жаатта да ийгилик жаратып жатам.
– Эс аласызбы же тытынып эле жүрө бересизби?
– Эс алсам денеме батпай кыйналып кетем. Кара жумуш кылып же өнөр менен алпурушуп тердегенде жыргап калам.
– Устачылык өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз?
– Атам 39 жыл темир устачылык менен алектенген. Ал киши бизге «балдарым, биз өнөр менен жан багабыз» деп көп өнөрдү үйрөткөн. Эркекке таандык бардык ишти жасайм. Туш кагаз (обои) чаптагандан тарта кафель койгонго чейин колумдан келет. Эгер ырчы болбосом кыш куюп, устачылык кылып деле жан баксам керек деп ойлоп калам. Ысырап кылбай, балдарымдын чачын дагы өзүм алам. Азыр бир баланын чачын тегиздетсең 120 сом. Эки баланыкы 240 сом болот. Бул акчага балдарыма керектүү буюм сатып берип коём.
– Сөзүңүзгө караганда ашканада дагы мыкты окшойсуз?
– Аялыма костюмумдун топчусун 2 жыл кадата албай койгом. Азыр деле ал костюм топчусу жок илинип турат. Ал аялым мени гезиттерге жамандап маек берип тың чыкпадыбы. Топчу кадагандан баштап боз үйгө чейин тиге берем. Машинамдын отургучтарына жабдууну да өзүм тиккем. (Бышык кездемеден чыкыйтып тигип алган жабдууну машинасынан көрсөтүп). Компот, жарманы жакшы жасайм. Бир мезгилде иш кылганга да, тамак жасаганга да жетишем. Жардамга келген тааныштарым «тамагыңыз бышып калдыбы, омей, качан кылып жетиштиңиз?» деп таң калышат. Колумдан от дагы жакшы тутанат. Кээ бир адамдардын колуна ширеңкени тутамдап карматсаң да оту күйбөйт.
– Өзү бардык ишти жасаган адам бирөөнүн кылганын жактырбайт го?
– Такыр жактырбайм.
– Жубайыңыз менен элдештиңизби?
– Жараша элекпиз. Үй турат. Бирок бүлө жөнүндө сөз кылгым келбейт. Ал нерсе жакшы жагына оогондо өзү эле билинет.
– Жубайыңыздын чыгармачылыгыңызга кошкон үлүшү барбы?
– 2013-жылы 8 гезитке маек берип, мени жаманатты кылган. Болгон салымы ошол болду. Ал сөздөр менен мени эл жаман көрүп, ою өзгөрүлгөн жок. Мен дайыма бетке айтам. Тойдо дагы кыйтыңдагандарды дароо уят кылып, ордуна коём. Мас болуп тийишкендер, текеберленгендер катыгын алат. Мага тийишкен адам өкүнүп калат. Жемимди жедирбейм.
– Анда муштум менен маселе чечет турбайсызбы?
– Маселени көбүнчө тил менен чечем. Эгер мени менен бирөө мушташчу болсо, ал бир урганча мен 5-6 ирет урганга жетишем. Андайдан Кудай сактасын.
– Бардык нерсенин ийне-жибине чейин маани берет экенсиз. Майдачыл адам эмессизби?
– Мен көзүм жетип турган ишти аял киши кыла албай турса, сөзсүз кийлигишем. Майланышкан идишти муздак суу менен жууп жатса, ысык суу менен жууп салам. Кимдир бирөө айры менен таштанды салып жатса (кум, ташты), калак менен салат деп жардамдаша коём. Майдачылдыгым бар. Бирок мен аны майдачылдык эмес, пайдачылдык деп эсептейм.
– Эми түшүнүктүү болду. Кыргызда «кырк жаштан кийин кыз алат» деген сөз бар. Төшөк жаңыртуу оюңузда жокпу?
– Жаш аял алып жыргап кеткендерди деле көрө элекмин. Адам 30 жашка чейин эле адамча жашайт экен. 30дан 45 жашка чейин эшек жашоо экен. Үй саласың, байлык топтойсуң. 45 жаштан 55 жашка чейин ит жашоо. Тапканыңды коруйсуң. 55 жаштан 60 жашка чейин маймыл жашоо. Ары-бери секиресиң. Бир бөлмөңдөн экинчи бөлмөңө батпай каласың. Аялың үй жыйнап жатса, «бутка илешпей турчу ары!» деп кага берет. Ошон үчүн эркектер намазды жаттап алыш керек. Ошол куракта аялың ажаан болсо, мечитке же дааватка кетип каласың. Ал эми 70 жаш эркек үчүн түрмө.
– Сиздеги энергия балдарыңызда барбы?
– Улуу балам Адемил кичинесинен эле футболго кызыгат. Кыймылы тез, «Криштиану Роналдудай болом» деп жакшы ниет кылып жүрөт. Азыр «Алга» футбол клубунда ойнойт. Кызым Раяна менин эле көчүрмөм. Иш кылса дагы жулунуп кыймылдап, таза бүтүрөт. Үйдө мындай тартипке өтүп алганбыз, бир куплет ыр жаттаганга 25 сом берем. Азыр Эсенгул Ибраевдин мен жаттап жаткан ырын жаттап жатат. «Ата, окуу башталганча жаттап бүтөм» деп мени кубандырып коёт. Үчүнчү баламды «Дильдуль» деп эркелетем. Чын атын айтсам, башкалар коюп алышат. Улуу балдарымдын аттарын көптөрү коюп алышкан. Уулдарымдын атын өзүм, кызымдын атын Абдышүкүр Нарматов койгон.