нурзат токтосунова биография муж
Токтосунова Нурзат Темирболотовна — өмүр баяны
Нурзат Токтосунова 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында жарыкка келген.
Үй-бүлөсү:
Атасы Темирболот Токтосунов, апасы Бүбүш Абдылдаева. Айылда дыйкан чарба жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Нурзат сегиз бир туугандын кенжеси. Турмушка чыккан.
Билими:
1989-2000 — Зууракан Батырбаева атындагы Ичке-Суу орто мектебинде билим алып, артыкчылык менен окуган;
1997-2000 — мектеп президенти;
2000-2005 — Ататүрк-Алатоо университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алган. Төрт тилде сүйлөйт (англис, түрк, орус, кыргыз).
2009-2012 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун «Социалдык-маданий ишмердүүлүк» факультетинде окуган.
2017-жылдан тарта Ишенаалы Арабаев атындагы университетте аспирантурада окуп, «Манас таануу» боюнча кандидаттык ишин жазууда.
Иш тажрыйбасы:
2005-2007 — «ALGA BM TRADE» компаниясында башкы директордун ассистенти;
2007-2009 — «ТОО ДОС Инжиниринг» кадрлар бөлүмүнүн адиси (Алматы, Казакстан);
2009-2013 — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий иш-чаралар бөлүмүндө башкы адис;
2014 — TRT-түрк каналында алып баруучу (Анкара, Түркия);
2015-2017 — Кыргыз улуттук филармониясында алып баруучу;
2017-жылдан бери «24 ТВ», «МАРАЛ» телекомпанияларында байкоочу кеңештин мүчөсү;
2005-жылдан бери Коомдук биринчи каналда алып баруучу. Келишимдик негизде «Улуттук хит-парад», «Браво», «Акыл ордо», «Эрудит», «Ден соолук», «Асман» жана башка долбоорлорду алып барган.
2008-2012 — «Тамашоу» жаштар лигасында тил редактору;
2012-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен алып баруучулук жана журналистика боюнча «NUR академиясы» аталышындагы кошумча окутуу курсун ачкан;
Мындан сырткары, бир канча мамлекеттик жана эл аралык ири иш-чараларды тейлеп келет. Маселен, «Курманжан датка — 200», «Уркуя — 100», «Куйручук — 145», «Жусуп Баласагын — 1000», «Исхак Раззаков — 100», «Токтогул Сатылганов — 150» жылдыгынын, «Ысык-Көлдө кадыр түн», «Мейкин Азия», Москва шаарындагы «Мавлид», Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндары сыяктуу иш-чараларды алып барган.
Сыйлыктары:
2011 — КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамота;
2012 — «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси;
2016 — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
Мындан сырткары, алып баруучулук жана билим боюнча телеканал, радио, гезит-журналдар жана жеке компаниялар уюштурган 20дан ашык конкурстун жеңүүчүсү.
Фильмография:
«Саякбай», «5000 сом», «Колибри», «Талаш тагдыр», «Президент жана бомж», «Мунабия» тасмаларына тартылган.
Нурзат Токтосунова 34 жашта. Алып баруучу тууралуу 6 чындык
Бүгүн, 2-июль белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунованын туулган күнү. 34 жаштагы алып баруучу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 6 чындыкты сунуштайт.
Жайлоогүл болуп кала жаздаган Нурзат
Нурзатты атасы Токтосунов Темирболот 52, апасы Токтосунова Бүбүш 44 жашында көргөн. Сегиз бир туугандын кенжеси. Алар: Тогузбай, Теңизбай, Доктурбай, Мукамбет, Гүлнара, Максат, Элмира жана Нурзат.
Казанга жасалган оромо, жайлоодогу каникул
Мектепте активдүү окуучулардын катарын толуктап, 7-11-класска чейин президент болгон. Жайкысын үч ай жайлоодо жүрүп, уйду, бээни саап, казанга тамак жасаганын көп эстейт. «Тогуз жашымда биринчи жолу казанга оромо жасап, чөптөн келе жаткан байке-жеңелеримди тосуп алып таң калтыргам»,— дейт ал.
Билими
Мектепте өткөрүлгөн кыргыз тили боюнча олимпиаданы жеңип алып, Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин эр аралык мамилелер факультетине тапшырган. 2012-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин социалдык маданий ишмердүүлүк факультетин бүтүргөн. Учурда Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайда аспирантурада окуп, эки жылдан бери «Манас» эпосундагы символикалар боюнча кандидаттык ишин жазууда.
Кызыл тилге салынган алып баруучулукка карай жол
Телевидениеге кастинг аркылуу келип, алып баруучулукка 150 кыздын арасынан суурулуп чыккан. 2005-жылы 25-февралда биринчи жолу эфирдин босогосун аттаган. Улуттук хит-парад музыкалык программасында жарым жыл иштегенден кийин жеке фирмада эмгектенип калат. Андан соң «Браво» программасында сегиз ай иштеген.
Окуучусу күйөөсүнө айланган
Нурзат Токтосунова «Нур» алып баруучулар мектебинин негиздөөчүсү. 2012-жылы болочок жолдошу Максат Надырбеков академияга окуганы келет. Кийин Нурзат экөө кесиптешке айланып, бара-бара көңүлдөрү төп келип, 2015-жылы 20-июнда баш кошкон.
Публикация от Нурзат Токтосунова (@nurzat_toktosunova) Май 13 2017 в 11:00 PDT
Нурзат токтосунова биография муж
№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
– Үгүт иштеринде экөөңүздөр чогуу алып баруучулук кызматты аркалап жүрдүңүздөр. Айтсаңыздар, эл сиздерди чогуу көргөнгө көнүп калышыптырбы?
Максат: – Нурзат экөөбүз партияга чейин эле той-кечелерди алып барып жүргөнбүз. Экөөбүз сахнада бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп алып барабыз десем мактангандай болбосом керек. Негизи эле Нурзаттын эмнени ойлоп, эмнени айткысы келип жатканын жанында туруп дароо эле сезем.
– Сиздер стереотиптерди бузган түгөй болдуңуздар, жашоодо деле ушундайсыздарбы?
М.: – Мен мурунтан эле ушундай тетири, стереотиптерге баш ийбеген адаммын. Нурзат муну кылабыз десе, мен «жок, мындай болот» десем мени угуп калчу. Көрсө, Нурзат менин андан коркпой, өз оюмду айткан мүнөзүмдү жактырат экен. Жашоодо көбүнчө жакындарыбызга кеңеш менен кайрылабыз да. Мисалы, кандай унаа алсам деп кайрылсак, «мунун коробкасы жаман, тигинин мотору начар, бул бензинди көп ичет» деп айтышат. Айтор, аларды угуп отуруп машина албай эле койсомбу деген тыянакка келесиң. Ошон үчүн эч кимден кеңеш сурабай эле өзүңдүн билгениңди кыл, жаса. Ата-энем мага эркиндик берген, ошон үчүн ата-энеме чексиз ыраазымын.
– Нурзат айым, келиндик доорду кандай сүрүп жатасыз?
М.: – Ичеги-карын артып жаткан видеосу бар, көрсөтөйүнбү?
Н.: – Кечээ үйгө келсем апам (ред. кайненеси) ичеги-карын артып жатыптыр. «Жардамдашайын» десем, «үйгө кире бер» деп жатпайбы. «Апа, кирип кетсем болбой калат » десем, « бүттүм, бар, кире бер» деп болбойт. Бул нерсе туш болгон үй-бүлөңдөн да көз каранды экен. Кээ бир келиндер башы менен жер казса да кайненесине жагышпайт го. Мен ушунчалык кичипейил адамдарды эч жерден көргөн эмесмин. Максаттын ата-энесинин мага кылган мамилеси үчүн абдан ыраазымын. Эки кишинин башы бириккен жерде сындашып, жамандашып калышат го. Менин кайын журтумдун бирөө жөнүндө жаман нерсе айтышканын укпадым. Келиндик доорду сүргүдөй деле иштеген жокмун. Максат экөөбүз жумуш деп эле кетип калабыз, кайра келебиз, айтор, эрке келинмин.
М.: – Чынында, башында баары «Нурзат жадакалса чай куюп бере албайт болуш керек» деп ойлошкон. Бирок ал кадимки келиндер сыяктуу эле жоолугун салынып алып тыпылдап конок тосуп жүргөндө ошентип айткандардын баарынын оозу жабылды.
– Наристелүү болууну пландап жатасыздарбы?
Н.: – Бизден «качан балалуу болосуңар?» деп сурашса, «шайлоо бүтсүнчү» деп тамашалап калабыз.
М.: – Кудай буюрган күнү болоттур. Биз да тиленип отурабыз. Быйылкы шайлоо биз үчүн бал айындай эле болду. Нурзат экөөбүз үйлөнгөндөн бери тынымсыз иштеп жүрөбүз. Бирок шайлоодо аябай жыргадык, 1 күн концерт алып барабыз, калган күндөрү кааласак мейманканада болуп, кааласак кооз жерлерди кыдырып кетебиз.
– Жубайыңызга эркелейсизби?
М.: – Менде өзгөчө деле эркелик жок. Кичинемде аялымды тигиндей башкарам, минтип айтам дей берчүмүн. Бирок, ишенесиздерби, азыр анын бири жок. Кечээ Нурзат чай куюп жатса, чуркап барып отургуч алып барып бергим келип кетти. Байкелеримди эми түшүнүп жатам (күлүп).
– Нурзат айым, сиз турмушка чыкканга чейин баарын өзүңүз кылып лидер болуп көнүп калгансыз. Башкаруу тизгинин жолдошуңузга өткөрүп берүү кыйын болгон жокпу?
Н.: – Ооба бойдок кезде тытынып эле иштеп жүрдүм. Турмушка чыккандан кийин кадимкидей өзүмдү таштадым десем болот. Анткени таянчу, колдоо көрсөткөн адамдар толтура. Тескерисинче, Максатка турмушка чыккандан бери жалкоо болуп баратам. Үйдөгү акчаны бөлүштүрүү, маселелерди чечүү бүт Максаттын милдети. Ошондуктан лидерликти өткөрүп берүү боюнча оңой эле багынып бердим.
Нурзат Токтосунова: 10 жыл бою катуу иштеп, жеке жашоомо көңүл бөлө албадым
Кыргыз журналистикасында өз ордун татыктуу ээлеп, сөз байлыгы, таланты, дарамети, стили жана билими жагынан кийинки жаштарга үлгү көрсөтө алган Маданияттын мыкты кызматкери, белгилуу теле алып баруучу Нурзат Токтосунова менен болгон маекти сунуштайбыз.
— Биз сизди Кыргызстандагы белдүү алып баруучу катары тааныйбыз. Журналисттик кесиптен, же болбосо маданияттан тышкары, башка дагы кесипти аркалап көрдүңүзбү?
— Маданияттан тышкары, мен жогорку окуу жайында мугалим болуп иштейм. Ошондой эле, өзүмдүн курстарымда сабак берем. Ошондуктан, мугалимдик кесипти биринчи тандамакмын. Кайсы кесиптин ээси болсом да ошонун майын чыгара иштемекмин деп ойлойм. Алып баруучулукту билбей келип эле үйрөнгөнмүн. Негизи жаңы нерсени үйрөнүүдөн коркпойм.
— Мындан 4-5 жыл мурун саясатка аралашып жүргөнүңүздү билебиз. Эгерде мамлекеттик кызмат сунушталса барат белениз?
Ооба, саясатка аралашып жүрчүмүн, саясатка аябай кызыгам жана ниетим бар. Эгерде мамлекеттик кызматтар сунушталса албетте макул болмокмун.
Бирок азырынча катары менен буюрса төрөп алайын деген тилектемин. Анткени бир жумушту баштасам аягына чыкмайын жаным тынбайт. Ошон учун азыр жаңы долбоор баштагандан коркуп турам, себеби жылдап убакыт кетип калышы мумкун.
— Убактынызды досторуңузга уурдаткан учуруңуз көп болобу?
— Мен 10 жыл бою убактымды эч кимге боло албай келдим. Анын айынан жеке жашоомдо дагы көп маселе жаралды. Убагында катуу иштедим, бир ай бою күнүнө иш чара алып барган күндөрүм болду.
Азыр эми досторум менен көбүрөөк кездешип баштадым.. Убактымды уурдатып эмес, тескерисинче идея айтып, алдыга сүрөгөн жакындарым бар.
— Азыр инстаграмда сизге катталгандардын саны 1 миллионго жакын экен. Алардын алдында жоопкерчиликчиликти сезесизби? Деги эле катталуучуларыңыз тууралуу эмне айта аласыз?
— Албетте катталуучуларымдын алдында жоопкерчиликти сезем, алар абдан жакшы адамдар. Себеби, алардын арасында инсандык өнүгүүгө, өзгөрүүгө, китеп окууга умтулгандары көп. Бизде негатив жок. Мен аларга ыраазымын.
— Сиздин атыныз Жайлоогүл деп коюлуп калганда элге чыкпаган кесипти тандайт белеңиз?
— Жайлоогүл болсом эч корунмак, тартынмак эмесмин. Ат адамды эмес, адам атты көрктөндүрөт. Азыр Нурзат Токтосунова эмес, Жайлоогүл Токтосунова деген инсан менен маектешип атмаксыз.
— Балдарды туура тарбиялоо, алардын инсандык калыптануусуна багыт берүү жөнүндө көп кайрыласыз. Өзүңүздүн кызыңыздын келечекте ким болуусун каалайсыз?
— Мен келечекте кызымдын бактылуу, билимдүү, көп тилде эркин сүйлөгөн жана бардык жактан жетиштүү болушун каалайм.
Чыгармачыл адам катары көргүм келбейт. Бирок эгерде өзү кааласа мен каршы болбойм.
Балдардын оюн угуп, аларга ишеним артышыбыз керек. Ошондуктан балдарымды сүйүп, оюн уккан жана сыйлаган эне болом деп ойлойм.
— Кайсы бир маегинизде «Жаңы жыл тынч өтүп кетсе экен, не до Аяз ата болчу» деген экенсиз. Балалыгыныз кандай өттү эле?
— Балалыгым жакшы өттү. Жакшы ата-эненин тарбиясын алган кызмын. Энемдин акылынын, соз тапкычтыгынын 20 пайызын гана ала алдым. Атам болсо эч бир жанга таарынып көрбөгөн ак көңүл адам эле. Пенделик эч бир нерсеге кызыккан жок. Менин балалыгым джайлоодо өттү. Эсимде калганы карагайдын, шыралжындын, гүлдүн, арчанын мурунду ордогон жыты. Быйыл Швейцарияга барып Альпы тоолорунун башына чыгып, жаратылышына суктанып карап отуруп, биздин Кыргызстандагы тоо арасындагыдай жыт жоктугун байкадым. Жөн гана жыты жок кооз картина экен.
— Сиз ар дайым жеңишим керек деген ураан менен жүрдүңүз. Кээде жеңилесизби?
— Жеңишим керек деген урааным — бул ар кандай олимпиадаларда, кастингдерде, интеллектуалдык таймаштарда жана башка конкурстарда биринчи болом деп көнүп алгандыктан.
Бирок, жашоодо ар кандай болот, жеңилүүнү да билиш керек. Кызым жарык дүйнөгө келгенден бери жөн гана жеңилип койгон учурлар болот, бирок көп учурда Кудай колдойт.
— Тар чойродо ырдап каласыз, ырчы болгунуз келеби?
— Жок ырчы болгум келбейт. Бирок жакшы эле ырдайм. Комуз менен ырдаганды аябай үйрөнгүм келет. Ал эми тар чөйрөдө суранычтар боюнча гана жар-жар айтам, кечелерде ырдаш үчүн 1-2 ыр жаздырып койгонмун.
— Эне болгондон кийин жумуш арткы планга калып калдыбы?
— Ооба, кызым төрөлгөндөн кийин жумуш арткы планга өттү. Мурдагыдай экранды бербей калган учур жок. Азыр мен кызымдын кучактап ырахаттуу күндөрдү өткөрүп жаткан учурум. Ошентсе да быйылкы жыл мен үчүн болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Дүйнөдөгү бир топ күчтүү мамлекеттерди кыдырганга мүмкүнчүлүк алдым.
— Энергияны кайдан аласыз?
— Энергияны мен келечекке койгон максаттарыман жана кыялымдан алам. Ал максаттар мени уктатпайт.
Нурзат токтосунова биография муж
№431 4-10-февраль, 2011-жыл
Алгач алпаруучу айымга “жеңил-желпи, орой, оор суроолорум бар, даярсызбы?” деп кеп баштадым. Ооба, деп баш ийкеген таланттуу алпаруучу Нурзат Токтосунова менен болгон маегим ыр, күлкү аралай жүрүп, карек толгон жашка чейин барды.
– Нурзат айым кыш-күрөөдө эс алдыбы?
– Эки күн болду, курбуларым менен тоого чыгып, лыжа тээп үч күн эс алдым. Коңшу өлкөлөрдөн келген туристтердин тоодо жыргап жүргөнүн көрүп, байкуш кыргыздар тытынып жүрүп ушул турган Караколго барып эс алганды деле билбейбиз деген ой кетти.
– Бир кесиптешим “сен кичинеңде эле чоң эне белең?” деп чычалата берет. Суроонун төркүнүн түшүндүңүз да.
– Бала бакчадагы кезимде тарбиячы эжейлердин “гүлдөрүм курттап жатат” дегендерин угуп калдым. “Гүлүңөр курттаса жумуртканын кабыгын майдалап, сээп койгула” десем, “кенедей кыздын сүйлөгөнүн” деп таң калышкан эле. Макалдатып сүйлөгөнүм энемдин көөнөрбөс казынасынан. Китеп көп окучумун. Каармандардын таамай айтылган сөздөрү, образдар абдан чоң таасир калтырчу. Студент кезде тайпалаштарым орусча сүйлөшчү. Мен фразеологизмдер менен сүйлөсөм, эч ким түшүнчү эмес. 3-курста окутуучубуз “балдар-кыздар, Нурзаттын заманы келе жатат” деди. Көрсө, ал кезде окуу процесстери кыргызчаланып жаткан убак экен, ошону айтыптыр. Кийинчерээк англис, түрк тилдерин өздөштүрүп, нукура кыргызча сөздөрүмдүн 60 пайызын жоготуп алдым.
– Апрель окуясынан кийин “Заманадагы” алпаруучулар алмашты, айрымдарын айдашты эле.
– Жаңы жетекчи жаңыча шыпырды. Сыягы, реформасы мен окшойм. Себеби машина минип, жакшы кийинип жүрсөм, “Замананын” акчасынын баарын Нурзат алат” деп ойлошчу экен. Кетпей коюуга да болбойт эле, себеби ар бир сөздөн эле кодулап калышкан. Кыйналып кеттим да, эч кандай уруш-талашы жок эле июлда бошодум.
– Атактуу, жаш, сулуу селкилерге “папкечендер” тор жаят, бийкечтер болсо бой салат. Керме каш Нурзатка мансабы бар байлар көз салгандыр.
– Мамлекеттик деңгээлдеги кечелерди, төгүлүп-чачылган чоң тойлорду алпарып калсам, улуу байкелер “биз ушундай кыргыздын сулуу кызы бар экенине сыймыктанабыз” дешет. Болду, тийишип ары жагына өтө алышпайт. Телеге чыгып таанылып, бирок турмуш кура элегимде “мага турмушка чыгар бекен?” деп айттыргандар болду. Эми бул нерсе мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Көрүп жүрбөйбүзбү, мындан пайдаланып кээ бирлеринин чыгармачылыгы өсүп, өзүнө материалдык байлык топтоп алгандарын. Бир чети бирөөгө кор болуп жүргүчө, баалап-барктаган адамы болсо ал деле жакшы.
– “Тамашоудо” тил редакторсуз, орой, уят айтылган тамашаларды сахнага чейин иргейсизби?
– Кээ бир уят тамашалар байкалбай айтылып кетүүдө. Бирок ошол тамашалар элге жагат экен. Эрмек, Арслан үчөөбүз балдардын тамашаларын 3 жолу карап чыгабыз, сөздөрдү кыргызчалайбыз.
– Биздин гезит “Акыл таймаш” сынагын өткөргөндө билимдүүлүгүңүздү көрсөттүңүз, ээ?
– Ой, Кудай, мынча акылдуумун дебейминби, тамаша. Билимге, жашоого болгон умтулуу мектептен башталып, университеттен уланып, азыр да кала элек.
– “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар. ” деп ырдап чыктыңыз. Нурзат алпаруучу, ди-джей, ырчы, эми бийчилик менен актрисалык эле калды окшойт.
– Актриса катары “Тимеле шоудо” көрбөдүңөрбү. Жумасына үч жолу чыгыш бийин үйрөтүүчү ийримге барам. Талантым ашып кетип ырдап калсам, балким, бийлеп да жиберермин.
– “Так, даана сүйлөйт да ушул кыз”, “Нурзаттын сөз менен сабап салганга кудурети жетсе керек”. Бул сөздөр сизге карата көрүүчүлөрдүн айткандары.
– Алпаруучу болсо эле көп сүйлөйт деп ойлошот экен. Нурзат жашоодо көп сүйлөбөйт, бирок кепти так, анан ток этерин айтсам “тили буудай кууруйт го” деген ойдо калышат. Өзүмдү таш күзгүдөн карасам, маңыздуу сүйлөгөн, токтоо эле жанмын.
– Назира Айтбекова менен Нурзат Токтосунова эмнени эле эмдигиче бөлүшө албай тирешишет?
– Мен ага кайсы тараптан болбосун, келбеттенби, акылданбы, алпаруучулуктанбы, атаандаштыгым жок. Балким, менден өйдө болсо, чын эле ичим күймөк беле. Бир күнү ооруп калыптыр. Аны көргөнү акыркы акчама айран, алма алып, “оорубагын, жашоодо боло берет” деп баргам. Көп өтпөй эле бир таанышым “Нурзат, сен Назираны “ооруканадан чыкпай кал” деген турбайсыңбы” дейт. Назирадан сурасам “ал бала алдайт” деп кутулду. Салтанат деген курбум телевидениеге барганымдан кийин менден оолактап, Назира менен дос болуп кетти. Кийин бир гастролдо жолугуп “Нурзат, кечирип кой, мен Назираны эми билдим” дейт. Себебин сурасам, Назира “Нурзат мени түртүп ийди, мага бут тосуп жатат” деп байкуш болсо ишенип, мени жек көрүп жүрүптүр.
Чынында, мен Назираны жакшы билем. Ошондуктан жыландын куйругун баспасын. Менде да кемчилик бар, жашыра турган. Бирок баарына айта бергенге болбойт. Айтпайын десем, адамдын жанын кашайтат. Кимге жолукпайын “чачташкан турбайсыңарбы?” деген сөздү укчу болдум. Анан өзү менен сүйлөшөйүн деп кезиктик. “Мен сизди жек көрөм, сиз мени “Улуттук хитпараддан” кетиргенсиз, Бекешовго жамандап отуруп” десе болобу. Бекешовдун кабылдамасына кирсем, Кудай урсун. Эмне дейт элем, “адамдарды теледен кетирсем кыйын турбаймынбы, сөзүңдү комплимент катары кабыл алам” деп кала бердим.
– “Таптакыр ичкилик ичпейт” дейт досторуңуз. Балким, аларга көрсөтпөй тамеки тартарсыз?
– Курбуларым тартарын тартып, таштай албай кыйналып жүргөндөрүн көрөм, ошондуктан эч кереги жок мага. Анан укмуш деле периште эмесмин. Анда-санда сыра ууртап коюшум мүмкүн. Бирок колдон келишинче ичпегенге аракет кылам.
– “Жеке жашоомду элге жайып бекер кылган экем” дейсиз, бирок көрүнүктүүлөргө көп көңүл бурулат экен.
– Кээ бирөөлөр «мен жөнүндө сүйлөсүн» деп атайын урушуп кара пиар кылышат. Башкалар жеке жашоосу жөнүндө таптакыр сөз козгобойт. Болор иш болду, билишсин.
– Арыктап кетиптирсиз, жеке жашооңуз аксап турабы?
– Тагдыр экен, азыр жалгызмын. Жолдошума эч кандай капа деле эмесмин. Экөөбүздө аябай сонун күндөр өткөн. Мен да маңдайыма жазылган тагдырды көрөрмүн, ал дагы бешенесине жазылганына туш болор. Каалаарым, өзүнө татыктуу, көңүлүнө жаккан бирөөгө байласын өмүрүн.
Учурда мени бир эле нерсе кармап турат – чыгармачылыгым. Эртең менен туруп эле жумушка аттанганымды көрүп, апам таң калат. “Илгерки адамдар түшүнбөйт да” дечүмүн. Жок, апам “кызымдын жашоосу ушундай болуп калды” деп ичинен мени аяйт тура. “Балким, телеге чыкпасаң, бала-чака төрөп үйдө эле отурат белең?” деп кейийт. “Апа, антип кейибегиле, 2 миллион аял үйдө отурат. Ал аялдар мен көргөн күндүн бир да күнүн көрүшкөн жок. Акыры бир күнү бала төрөп үйдө отурчу күн келет. Азыр эгер кылып жаткан ишим өзүмө эле эмес, элге жагып жатса, эмнеге иштегенге болбосун?” деп жубатам.
– Ажырашканыңардын себеби чыгармачылыкка байланыштуу болуп жүрбөсүн?
– Азыр жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп, азаптамын. Кантип ойлонбой коёсуң? Кайра “тиги деле бактылуу болуп кетпедиби” деп өзүмдү башкаларга салыштырып сооротом. Бирок эң эле чоң олжом – чыгармачылыгым. Бакыт – жакшы адам. Жумушума тоскоол болбоду. Баары эле чеги менен болуп келаткан. Болгону, мен андан көп нерсени талап кылып, кыйын болгондурмун, иштебей үйдө отурсам башкача болмок беле. Алдыга жулунуп “эмнеге квартирабыз жок, ар жакта көчүп жүрөбүз” деп айтканым чын. Ал “сен жакшы болчусуң, өзгөрдүң, 40ка чыкканда деле алмакпыз да үй-жайды” дейт. Чын-чынына келгенде, шаарга келсек жашай турган жерибиз жок, менин үч көйнөгүм бир досумда болсо, төртөө дагы бир досумдун үйүндө. Аябай жүдөп кеткем. Андан да ооруп, бир эмес, бир канча жолу операция жасаттым. Боюмдан түшүп, балалуу боло албай кыйналдым, чогуу жашабай калдык. Аны менен ажырашып, кыйын болуп кеткен деле жерим жок.
– Кеткен келинге кайын журт келет да «элдештирели» деп.
– Кайындарым жакшы адамдар, өмүр бою ыраазымын. Аларга Бакыт менен кол үзгөндөн кийин деле каттап жүрдүм. Майрамдарда, кайнатамдын туулган күнүндө Кочкорго барам. “Ата, мен баратам” дегенимди уккан атам эт салып коёт казанга. Анан ойлондум, мен биякта эмне жүрөм деп. Бирок өзүмдү түшүнбөйм. Жолдошум менен жашабайм да, бирок кайындарымды кыйбайм. Кайындарым менен азыркыга чейин чалып сүйлөшүп турабыз. “Балам, ай, ушуну чечсеңер боло” дешет. Ата-энеси сөз баштаса эле “экинчи бул маселени козгобогула, бул менин жашоом” деп жооп берет экен. Мен аны кыйнап койсом, кечирим сурайм.
– Балким, жарага туз сепкендей болоттурмун, бирок “Нурзат ажырашууга уруксат бербей жатат” деп жүрчү.
– Бакыт экөөбүз эки жолго түшкөнүбүзгө бир жылдан ашты. Азыркыга чейин күйөөмдүн фамилиясында, Айталиева боюнча жүрөм. Расмий түрдө ажыраша элекпиз. Себеби ал деле ойлонуп жүрөт болуш керек. Мен “Алматыдан келип калаттыр” деп күткөм.
– “Жолдошума бакыт каалайм” деп айтып отурасыз, өзүңүзгөчү?
– Колумду сурагандар да бар. Бирок азырынча мен эч нерсе дебейм, коркуп калдым. Балким, мындан ары жарандык никеде жашайттырмын. Эч нерсеге кепилдик же ишенич жок турбайбы. Келиндик доорду кайрадан сүрөм деп деле кыялданбай калдым. Өзүмдү өтө сын көз менен карап, баалайт окшойм.
– Балалык кезиңиз бир аз кыйынчылык менен өткөнүн билем. Ал күндөр бүгүн унут калып барабы же дайым эске түшүп, турмушка бышкан көз караш менен карайсызбы?
– Баягы күнү тоого барганда шишкебек жасаганы от жактык. Башкалар ойноп жүрсө, мен от көзөп отурдум. Ошондо бала кездеги арча жыттуу отундун иси уруп, кандай рахат тартуулаганын билесиңби? Демек, адам жашоодо башынан көп нерсени өткөрсө, билет, бышат, адам болот.
– Жаштын тилегин берет, бактыңыз ачыларына ишене бериңиз. Маек үчүн ыраазычылык билдирем.