нурчолпон биография канча жашта
Нурчолпон биография канча жашта
№922 6-12-август, 2020-жыл

– НурЧолпон, башында сен үчүн ырчы болуу кыял беле же реалдуулукпу?
– Ырчы болуу башында кыял болчу. Кичине кезимде сыналгыдан ырдап жаткан кичине кыздар, балдарды көрүп калсам ыйлачумун. «Эмнеге мен сахнага чыкпайм, мен дагы булардай эле ырдай алам, бийлей алам да?» деген балалык таарыныч бар болчу. Кийин өзүмдүн аракетим менен бул реалдуулукка айланды.
– Бардыгы эмнеден башталды?
– 4-классымда телевизордон опера ырчысы ырдап жатканын көрүп калдым. Аябай таасир алганым эсимде. Апамдан «мен дагы чоңойгондо ушинтип ырдай аламбы? Ырчы боло аламбы?» деп сурадым. Ал мени карап туруп «жок, кызым, сенин эжелериңде үн бар, талант бар. Алар, балким, боло алышат, сенин үнүң жок, ырчы боло албайсың» деп койду. Менин намысыма ушул сөз өтө катуу тийди. Ички сезимимде сонун үнүм бар экенин билчү элем. Ички чыйралуум менен өз алдынча машыга баштадым. Өзүмчө аспаптарды үйрөнө баштадым. Музыкалык окуу жайда окучу элем, сынактарга катышып, башкы байгелерди жеңип көзгө түшө баштадым. Ошондо мугалимдерим апама чалып «кызыңыз аябай таланттуу экен» деп мактай баштады. Апам мени «ырчы боло албайсың» деп койгондон 3 жыл өткөндөн кийин болгон окуя бул. Бир күнү апам «кана ырдап көрчү, мугалимдериң мактап жатат» деди. Мен фортепианого отуруп Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» деген ырын аткарып бердим. Апам толкунданып ыйлап жиберди, ошондон баштап мага ишене баштады. Учурда чыгармачылыгымдын эң чоң күйөрманы, колдоочум апам десем болот. Ишенгенден кийин апам мени Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга алып барды. Ал жакта эки кесипте окудум, опера ырчысы жана музыка изилдөөчү. Экөөнү тең кызыл диплом менен аяктагам. Азыр Улуттук консерваторияда композитордук бөлүмдө окуйм. Мугалимим белгилүү композитор Муратбек Бегалиев.
– Амбициялуу кыз экениң билинип турат, дүйнөнү багындырам деген ойлоруң да болсо керек.
– Албетте, дүйнөнү багындырам деген оюм бар, өзүмө эч кандай чектөө койгон эмесмин, койбойм дагы. Көп тилде ырдайм. Ички туюмум менен Кудай берген талантыма да, эмгегиме да ишенем. Даярдыктар боюнча айтсам, окуумду жакшы бүтүрүп жатам, кесибимди терең изилдеп жатам, кандай жанр болсо да, кандай стиль болсо да өзүмдү сыноону жакшы көрөм. Кааласам опера, кааласам эстрада, кааласам фольклор же рок, айтор, бүт жанрда ырдай алам. Майкл Жексон, Уитни Хюстон, Димаш Кудайберген өңдүү легендага айланган ырчылар бүт жанрда ырдай алышат эмеспи. Дүйнөнү багындыруу үчүн универсал болуш керек. Мен ошого өзүмдү таптап жатам. Бул мен үчүн жаңы нерсе деле эмес, анткени кичинемден ырдоо менен бирге бийди алып кеттим, Гапар Айтиев атындагы окуу жайда сүрөт боюнча сабак алгам. Өзүмдү көп жактан өнүктүрдүм.
– Кыргызда кайсы жактын кулунусуң деп сурайт эмеспи.
– Мен Кара-Кулжанын кызымын, ал эми Алайдын жээнимин. Өзүм Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин 8-класста Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ошол себептен борборго үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Ата-энем кесиби боюнча экөө тең адвокат. Биздин үй-бүлөдө музыканттар болгон эмес, бирок музыканы терең түшүнгөн адамдар. Атам комузда ойнойт, апамдын укмуш кооз үнү бар. Апамдын үнү менин музыкага болгон табитимди тарбиялады. Эки эжем бар, мен кенжесимин. Эки эжем тең музыкалык мектепте окушту. Бирок ырчылыкты кесип катары мен гана тандап кеттим.
– Сенин атыңды жасоодо кимдердин салымы бар?
– Атымды жасоого эң чоң салымы бар адам – апам. Ал менин продюсерим. Продюсер кандай мыкты иш алып барса да, эмгектин жаратуучусу менмин. Мотору менмин десем болот. Бирок апамдын да эмгеги зор. Ал жанымда жүрөт, эркелигимди көтөрөт, ар дайым таламымды талашат. Бактыма жараша, апамдын колдоосу менен менин чыгармачылыгым тынымсыз өйдөлөп бара жатат. Башында продюсер катары башка адамдар менен иштешчүбүз. Апам продюсерим болгонуна көп деле болгон жок, бирок болгондон тартып чыгармачылыгымда эң чоң өзгөрүүлөр, ийгиликтер болду. Атымды жасоого көп эле адамдар жардам берди. Алардын катарына режиссёр Сүйүн Откеевди кошуп кетсем болот.
– Чет тилде ырдап жүрөсүң, канча тил билесиң?
– Кыялымда дүйнө жүзүндө канча тил болсо, ошолордун популярдуу чыгармаларынын баарын ырдап чыксам дейм. Мен үч тилде кыргыз, орус, англис тилинде эркин сүйлөйм, түркчө, итальянча да билем, бирок эркин сүйлөйм деп айта албайм. Тилдерге аябай кызыгам. Жүрөгүм бардык тилдер үчүн ачык, бирок биринчи орунда дайым эне тилим жашайт.
– Турмушта көп сыноолор бар, ырчы болуу үчүн кандай курмандыктарды кылдың же курмандыктарга даярсың?
– Өзүмдү ырчы эле деп эсептебейм, көп өнөрлүү кыргыз маданиятынын чебери деп эсептейм. Анткени чыгармачылыгым ыр менен эле чектелип калбайт. Билим алган кесибим да көп тармактуу болуп кетет. Эң чоң курмандыгым – бул убактым. 13-14 жылдан бери музыка дүйнөсүнүн ичинде келе жатам. Курмандыкпы билбейм, бирок эл адамы болгондуктан, элдин алдында өзүмдү көзөмөлдөп туруу мага бир аз оор. Жогоруда айткандай, үйдүн кенжеси болуп өтө эркелеп чоңойгом, андыктан өзүмдү кармоо кыйла оор болуп кетет. Бир нерсе жакпай калса туруп басып кетким келет, бирок анте албайм, каалагандай сүйлөй албайм. Эл мени туура эмес түшүнүп калбашы үчүн аракет кылууга туура келет. Кесибимди сүйөм. Андыктан анча-мынча нерселер көп деле ойлондурбайт.
– Жүрөгүңдө чыгармачылыктан башка нерсеге, мисалы, жигитке орун барбы?
– Жеке жашоом тууралуу эч нерсе айткым келбейт, менин күйөрмандарым бул тандоомду сыйлоо менен кабыл алат деп ишенем.
– Өзүңдү, мүнөзүңдү сүрөттөп берсең.
– Жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, адилеттүү, ошол эле учурда эрке, жалкоо, уйкучу кызмын. Көчмөн калктын тайманбаган эр жүрөктүгү менде да бар.
– Ырларды тандоодо кимдин кеңешине таянасың?
– Бир көргөндө сүйүп калуу деген нерсе бар го. Ошол нерсе ырларга карата колдонулат менде. Андыктан өзүмдүн жүрөгүм тандайт деп айтсам туура болот. Эгерде менин жүрөгүмө жетпесе, ал ырды башканын жүрөгүнө жеткире эч аткара албайм. Менин тандоом болгондон кийин апама айтам. Апам жактырышы же жактырбашы мүмкүн. Бирок мен ал ырды сүйүп калсам, эч кимдин оюна карабай эле ырдап чыгам.
– Казактардан Димаш Кудайбергенов менен кыргыздардан сени дуэт аткарса деген көп комментарийлерди окудум.
– Ооба, бул тууралуу казактар көп жазышат. Албетте, мени кубандырат.
– Максаттуу жаштар өсүп келе жатканы кубандырат. Келечек пландарыңды айта кетсең.
– Карантин учурунда мен үчүн чоң чыгармачыл ачылыштар болду. Өзүмдүн автордук «Чаңырык» деген чыгармамды жараттым. Сөзү, обону меники. Азыр клип тартылып бүтүп, элге тартууладык. Кыйналып турган элге дем-күч берүү максатында ырды жараттык. Күйөрмандардын колдоосуна ээ болот деп ойлойм.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Кыргызстанка заняла второе место на Youthvision в Баку
В конкурсе принимали участие представители 19 стран. Кыргызстанка исполнила авторскую песню «Эркиндик».
БИШКЕК, 23 апр — Sputnik. Кыргызстанская певица НурЧолпон заняла второе место на международном музыкальном конкурсе Youthvision-2017 в Баку (Азербайджан), сообщила корреспонденту Sputnik Кыргызстан ее мать продюсер Мейликан Эмилбаева.
На творческом состязании, проходившем 21 апреля, она спела авторскую песню «Эркиндик» («Свобода»). В международных мероприятиях кыргызстанка принимает участие впервые.
«Мы рады, что она стала одной из лучших. Гордимся, что спела авторскую песню. Это все вдохновит ее на развитие таланта», — сказала Эмилбекова.
НурЧолпон получила за второе место сертификат и 2 000 долларов в качестве приза.
Как сообщает Sputnik Азербайджан, на этом конкурсе выступали представители Британии, Грузии, России, Кыргызстана, Казахстана, Сербии, Финляндии, Италии и других стран. Главный приз завоевала грузинская исполнительница Мариаль Акоба.
НурЧолпон окончила музыкальное училище имени Муратаалы Куренкеева. Девушка популярна в Интернете игрой на фортепиано, комузе и исполнением кавер-версий зарубежных песен.
Кыргызстан заявил о себе на Youthvision
Кыргызстан представляла юная восходящая звезда НурЧолпон. Девушка уверенно прошла все отборочные этапы и вышла в финальную часть конкурса «Youthvision-2017». После ярких выступлений определились победители конкурса, в числе которых также была и кыргызстанка. НурЧолпон заняла второе место и тем самым заявила на весь мир о своем таланте!
Прекрасный голос НурЧолпон
За второе место на «Youthvision-2017» талантливая певица из КР получила почетный сертификат, а также денежную премию в качестве приза. Девушке вручили чек на 2 тыс. долларов.
В Кыргызстане уже пророчат юной НурЧолпон отличную карьеру. У девушки уже появились болельщики, которые желают ей удачи и успехов в дальнейших конкурсах. Фотографии и видео с выступлений певицы множатся в социальных сетях. Накануне ее пригласили на утреннюю передачу на телевидении КР, где певица продемонстрировала свой прекрасный голос, исполнив песню под гитару.
Мы делимся с Вами видео с интервью и выступлением НурЧолпон.
Читайте также
Вывозные железнодорожные рейсы для граждан Узбекистана из России
15, 19, 22, 26 и 29 ноября
Сборная Кыргызстана по футболу победила Сингапур
Всё больше узбекистанских IT специалистов находят работу в России
Об этом рассказало издание «Коммерсант»
Мээрим Жуманазарова выступит на турнире по борьбе в Москве
В статусе чемпионки мира
Новые и популярные
Сборная Кыргызстана по футболу победила Сингапур
Мээрим Жуманазарова выступит на турнире по борьбе в Москве
В статусе чемпионки мира
Айпери Медет кызы выиграла чемпионат мира по борьбе
В весовой категории до 76 килограммов
Признаётся ли в России вакцинация сделанная в Кыргызстане?
Получите заём
не приходя в офис!
До конца октября Вы можете получить деньги в М Булак для погашения своих займов и кредитов в других компаниях на более выгодных условиях.
Закройте кредит в других компаниях и платите МЕНЬШЕ в М Булак!
Переходите на Выгодную сторону!
Мы заботимся о своих клиентах и соотечественниках!
Также вы можете заполнить анкету
Заполните анкету и наши специалисты свяжутся с вами в ближайшее время
ПРОГРАММА
НАДЁЖНЫЙ КЛИЕНТ!

x Мы используем файлы cookie, чтобы улучшить сайт для вас
Новости
Займы
Помощь юристов
Доска объявлений
Для повышения удобства работы с сайтом ООО «МКК М Булак» использует файлы cookie. В cookie содержатся данные о прошлых посещениях сайта. Если вы не хотите, чтобы эти данные обрабатывались, отключите cookie в настройках браузера.
Информация о праве потребителей финансовых услуг направить обращение финансовому уполномоченному:
В соответствии с Федеральным законом от 04.06.2018 г. № 123-ФЗ «Об уполномоченном по правам потребителей финансовых услуг» потребители финансовых услуг вправе обратиться к финансовому уполномоченному, если размер требований потребителя финансовых услуг о взыскании денежных сумм не превышает 500 тысяч рублей. До направления обращения финансовому уполномоченному потребитель финансовых услуг обязан обратиться с заявлением — претензией в письменной или электронной форме в финансовую организацию. С подробной информацией о порядке направления обращения финансовому уполномоченному можно ознакомиться на официальном сайте финансового уполномоченного https://finombudsman.ru
Место нахождения и почтовый адрес службы обеспечения деятельности финансового уполномоченного: 119017, г. Москва, Старомонетный переулок, дом 3. Номер телефона службы обеспечения деятельности финансового уполномоченного: 8 (800) 200-00-10 (бесплатный звонок по России).
Информация о членстве в СРО:
ООО «МКК М Булак» является членом Саморегулируемой организации Союз микрофинансовых организаций «Микрофинансирование и развитие» (СРО «МиР»), дата вступления: 25.03.2014 г., адрес местонахождения СРО «МиР»: 107078, г. Москва Орликов переулок, д.5, стр.1, этаж 2, пом.11, Сайт СРО «МиР»: https://npmir.ru
Спасибо!
В ближайшее время специалисты клиентской службы обязательно перезвонят вам.
Заявка принята
В ближайшее время специалисты клиентской службы обязательно с вами свяжутся.
Ошибка
Спасибо за подписку
Вам отправлено письмо с инструкцией для подтверждения подписки
Для того, чтобы стать нашим партнёром, свяжитесь с нами по номеру горячей линии 8 800 555 71 71 или напишите нам на почту ru.portal@molbulak.com
У вас возникли вопросы, позвоните нам
8 800 555 71 71. Наши специалисты проконсультируют Вас.
У вас возникли вопросы, напишите нам на WhatsApp по номеру: +79645559348. Наши специалисты проконсультируют Вас.
Нурчолпон биография канча жашта
№922 6-12-август, 2020-жыл

– НурЧолпон, башында сен үчүн ырчы болуу кыял беле же реалдуулукпу?
– Ырчы болуу башында кыял болчу. Кичине кезимде сыналгыдан ырдап жаткан кичине кыздар, балдарды көрүп калсам ыйлачумун. «Эмнеге мен сахнага чыкпайм, мен дагы булардай эле ырдай алам, бийлей алам да?» деген балалык таарыныч бар болчу. Кийин өзүмдүн аракетим менен бул реалдуулукка айланды.
– Бардыгы эмнеден башталды?
– 4-классымда телевизордон опера ырчысы ырдап жатканын көрүп калдым. Аябай таасир алганым эсимде. Апамдан «мен дагы чоңойгондо ушинтип ырдай аламбы? Ырчы боло аламбы?» деп сурадым. Ал мени карап туруп «жок, кызым, сенин эжелериңде үн бар, талант бар. Алар, балким, боло алышат, сенин үнүң жок, ырчы боло албайсың» деп койду. Менин намысыма ушул сөз өтө катуу тийди. Ички сезимимде сонун үнүм бар экенин билчү элем. Ички чыйралуум менен өз алдынча машыга баштадым. Өзүмчө аспаптарды үйрөнө баштадым. Музыкалык окуу жайда окучу элем, сынактарга катышып, башкы байгелерди жеңип көзгө түшө баштадым. Ошондо мугалимдерим апама чалып «кызыңыз аябай таланттуу экен» деп мактай баштады. Апам мени «ырчы боло албайсың» деп койгондон 3 жыл өткөндөн кийин болгон окуя бул. Бир күнү апам «кана ырдап көрчү, мугалимдериң мактап жатат» деди. Мен фортепианого отуруп Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» деген ырын аткарып бердим. Апам толкунданып ыйлап жиберди, ошондон баштап мага ишене баштады. Учурда чыгармачылыгымдын эң чоң күйөрманы, колдоочум апам десем болот. Ишенгенден кийин апам мени Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга алып барды. Ал жакта эки кесипте окудум, опера ырчысы жана музыка изилдөөчү. Экөөнү тең кызыл диплом менен аяктагам. Азыр Улуттук консерваторияда композитордук бөлүмдө окуйм. Мугалимим белгилүү композитор Муратбек Бегалиев.
– Амбициялуу кыз экениң билинип турат, дүйнөнү багындырам деген ойлоруң да болсо керек.
– Албетте, дүйнөнү багындырам деген оюм бар, өзүмө эч кандай чектөө койгон эмесмин, койбойм дагы. Көп тилде ырдайм. Ички туюмум менен Кудай берген талантыма да, эмгегиме да ишенем. Даярдыктар боюнча айтсам, окуумду жакшы бүтүрүп жатам, кесибимди терең изилдеп жатам, кандай жанр болсо да, кандай стиль болсо да өзүмдү сыноону жакшы көрөм. Кааласам опера, кааласам эстрада, кааласам фольклор же рок, айтор, бүт жанрда ырдай алам. Майкл Жексон, Уитни Хюстон, Димаш Кудайберген өңдүү легендага айланган ырчылар бүт жанрда ырдай алышат эмеспи. Дүйнөнү багындыруу үчүн универсал болуш керек. Мен ошого өзүмдү таптап жатам. Бул мен үчүн жаңы нерсе деле эмес, анткени кичинемден ырдоо менен бирге бийди алып кеттим, Гапар Айтиев атындагы окуу жайда сүрөт боюнча сабак алгам. Өзүмдү көп жактан өнүктүрдүм.
– Кыргызда кайсы жактын кулунусуң деп сурайт эмеспи.
– Мен Кара-Кулжанын кызымын, ал эми Алайдын жээнимин. Өзүм Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин 8-класста Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ошол себептен борборго үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Ата-энем кесиби боюнча экөө тең адвокат. Биздин үй-бүлөдө музыканттар болгон эмес, бирок музыканы терең түшүнгөн адамдар. Атам комузда ойнойт, апамдын укмуш кооз үнү бар. Апамдын үнү менин музыкага болгон табитимди тарбиялады. Эки эжем бар, мен кенжесимин. Эки эжем тең музыкалык мектепте окушту. Бирок ырчылыкты кесип катары мен гана тандап кеттим.
– Сенин атыңды жасоодо кимдердин салымы бар?
– Атымды жасоого эң чоң салымы бар адам – апам. Ал менин продюсерим. Продюсер кандай мыкты иш алып барса да, эмгектин жаратуучусу менмин. Мотору менмин десем болот. Бирок апамдын да эмгеги зор. Ал жанымда жүрөт, эркелигимди көтөрөт, ар дайым таламымды талашат. Бактыма жараша, апамдын колдоосу менен менин чыгармачылыгым тынымсыз өйдөлөп бара жатат. Башында продюсер катары башка адамдар менен иштешчүбүз. Апам продюсерим болгонуна көп деле болгон жок, бирок болгондон тартып чыгармачылыгымда эң чоң өзгөрүүлөр, ийгиликтер болду. Атымды жасоого көп эле адамдар жардам берди. Алардын катарына режиссёр Сүйүн Откеевди кошуп кетсем болот.
– Чет тилде ырдап жүрөсүң, канча тил билесиң?
– Кыялымда дүйнө жүзүндө канча тил болсо, ошолордун популярдуу чыгармаларынын баарын ырдап чыксам дейм. Мен үч тилде кыргыз, орус, англис тилинде эркин сүйлөйм, түркчө, итальянча да билем, бирок эркин сүйлөйм деп айта албайм. Тилдерге аябай кызыгам. Жүрөгүм бардык тилдер үчүн ачык, бирок биринчи орунда дайым эне тилим жашайт.
– Турмушта көп сыноолор бар, ырчы болуу үчүн кандай курмандыктарды кылдың же курмандыктарга даярсың?
– Өзүмдү ырчы эле деп эсептебейм, көп өнөрлүү кыргыз маданиятынын чебери деп эсептейм. Анткени чыгармачылыгым ыр менен эле чектелип калбайт. Билим алган кесибим да көп тармактуу болуп кетет. Эң чоң курмандыгым – бул убактым. 13-14 жылдан бери музыка дүйнөсүнүн ичинде келе жатам. Курмандыкпы билбейм, бирок эл адамы болгондуктан, элдин алдында өзүмдү көзөмөлдөп туруу мага бир аз оор. Жогоруда айткандай, үйдүн кенжеси болуп өтө эркелеп чоңойгом, андыктан өзүмдү кармоо кыйла оор болуп кетет. Бир нерсе жакпай калса туруп басып кетким келет, бирок анте албайм, каалагандай сүйлөй албайм. Эл мени туура эмес түшүнүп калбашы үчүн аракет кылууга туура келет. Кесибимди сүйөм. Андыктан анча-мынча нерселер көп деле ойлондурбайт.
– Жүрөгүңдө чыгармачылыктан башка нерсеге, мисалы, жигитке орун барбы?
– Жеке жашоом тууралуу эч нерсе айткым келбейт, менин күйөрмандарым бул тандоомду сыйлоо менен кабыл алат деп ишенем.
– Өзүңдү, мүнөзүңдү сүрөттөп берсең.
– Жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, адилеттүү, ошол эле учурда эрке, жалкоо, уйкучу кызмын. Көчмөн калктын тайманбаган эр жүрөктүгү менде да бар.
– Ырларды тандоодо кимдин кеңешине таянасың?
– Бир көргөндө сүйүп калуу деген нерсе бар го. Ошол нерсе ырларга карата колдонулат менде. Андыктан өзүмдүн жүрөгүм тандайт деп айтсам туура болот. Эгерде менин жүрөгүмө жетпесе, ал ырды башканын жүрөгүнө жеткире эч аткара албайм. Менин тандоом болгондон кийин апама айтам. Апам жактырышы же жактырбашы мүмкүн. Бирок мен ал ырды сүйүп калсам, эч кимдин оюна карабай эле ырдап чыгам.
– Казактардан Димаш Кудайбергенов менен кыргыздардан сени дуэт аткарса деген көп комментарийлерди окудум.
– Ооба, бул тууралуу казактар көп жазышат. Албетте, мени кубандырат.
– Максаттуу жаштар өсүп келе жатканы кубандырат. Келечек пландарыңды айта кетсең.
– Карантин учурунда мен үчүн чоң чыгармачыл ачылыштар болду. Өзүмдүн автордук «Чаңырык» деген чыгармамды жараттым. Сөзү, обону меники. Азыр клип тартылып бүтүп, элге тартууладык. Кыйналып турган элге дем-күч берүү максатында ырды жараттык. Күйөрмандардын колдоосуна ээ болот деп ойлойм.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги
Кыргыз эстрадасынын жаркын жылдыздарынын бири НурЧолпон жакында эле президенттик стипендияга ээ болду. Ал буга чейин көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келген.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы келечекте көптү үмүттөндүргөн ырчы НурЧолпон менен чакан маек даярдады.
— Президенттик стипендиянын ээси болушуң менен! Азыр каерден билим алып жатасың?
— Рахмат! Мен учурда Улуттук консерваториянын композиция бөлүмүндө 4-курста окуйм. Белгилүү композитор, Улуттук консерваториянын негиздөөчүсү Муратбек Бегалиевдин окуучусу болом. Келечекте композитор болуу — кыялым жана максатым. Президенттик стипендияны алуу мага дагы бир ирет жоопкерчилик жүктөдү. Бул сыйлык жакшы окугандарга гана эмес, коомдук иштерге активдүү катышкандарга да берилет экен. Ата-энеме, жакындарыма, мугалимдериме абдан ыраазымын. 2016-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатып, жакшы окуганыма карабай Күрөңкеев атындагы сыйлыкка илинбей калгам. Ошондо «эгер мага ушул сыйлыкты ыраа көрбөсөңөр, кийиин президенттик стипендияга татыктуу болом» деп ызаланган элем. Эми мыкты кадр, кызматкер болууга аракет жасайм.
— Композитор болуу кичинеңизден берки ой-тилекпи?
— Негизи кичинемден эле музыкага жакынмын. Бирок чыгармачыл инсан болом деген деле максатым жок болчу. Ошто музыкалык мектепте окуп жүргөндө археолог болууну көксөчүмүн. Анткени тарыхка абдан кызыгам. Бирок кийинчерээк апам ырдаганымды угуп, ал кишинин кеңеши менен Бишкектеги Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Азыр өкүнбөйм. Эсимде, үч-төрт жашымда телевизордон кичинекей балдар ырдап-бийлеп жатканын көрүп ыйлачумун. «Эмнеге ушулар менен ырдап-бийлебейм. Мен дагы телевизордон ырдайм» деп чыр салчу экенмин. Балким ошондо эле жан дүйнөм музыканы тандагандыр.
— Ата-энеңиз да музыкага, искусствого жакын адамдарбы?
— Жок, атам менен апам экөө тең кесиби боюнча адвокаттар. Бир тууган эки эжем да сот системасында иштейт. Негизи үйдө менден башкасынын баары укук коргоо тармагынын кызматкерлери. Бирок үй-бүлөбүз менен музыкага шыгыбыз бар. Эки эжем тең жакшы ырдайт. Атам комуз, гитара өңдүү үч-төрт музыкалык аспапта ойной алат.
— Каяктын кызы болосуз?
— Үч бир тууганбыз. Кара-Кулжанын кызымын. Эжелерим менден 12-13 жашка улуу болгондуктан азыр экөө тең үй-бүлөлүү. Негизи апамдын боюнда бар кезинде үйдөгүлөр уул күтүшкөн экен. Бирок кыз төрөлүп калганда «кудайым дагы бир кыз берди, демек жөн кыз болбойт экен» деген аруу тилек менен атымды НурЧолпон деп коюшуптур. Чолпон жылдыздай дайыма нур чачып турсун деген ойдо ушул ысымды тандашканын айтышат.
— Сизди кыргызстандыктар социалдык тармактагы ырларыңыздан улам тааныды окшойт.
— Менин бардык ырларым өзүнүн аудиториясын тапты. Кимдир бирөө интернеттеги бир ырымды жактырса, башкаларынын табитине бөлөк ырым туура келди. Алгач социалдык тармактагы Сүйүн Откеевдин «Элдик таланттар» рубрикасына катышып, гитара менен «Ыр десте», «Солнышко ты моё ясное» деген чыгармаларды аткарып эң биринчи угармандарымды тапкам. Кийинчерээк автордук ырларымды да чыгара баштадым.
— Байкашымча, өзүңүздү көп пиарлай бербейт экенсиз?
— Азыр менде биринчи кезекте билим алуу, окуу турат. Анткени алдыдагы максаттарыма, кесибиме татыктуу болгум келет. Ошол себептен да баарына жетише албай калып жатам. Бирок пиар жагынан команда болуп иштөөгө кол сунгандар чыкса каршы эмесмин. Бул болочокто боло турган иш деп ойлойм.
— «Дарак ыры» фильминде дагы ырдаган турбайсызбы.
— «Дарак ыры» фильми менин актёрдук дебютум болду десем жаңылышпайм. Тасмадагы казак актрисасы ырларды өзү аткарышы керек болчу. Бирок анын тили кыргызчага так келбегени үчүн кино тартуучу топ менден суранышкан. Ошол аткаруум кинодо колдонулду.
— Актриса болуу, кино тармагы жактыбы?
— Алгач кыска метраждуу фильмдерден, эпизоддук ролдордон баштадым. Кино мага рахат тартуулайт. Быйыл, «Ажар» фильминин режиссеру Асамидин Мухидинов «Эрен» аттуу тасма тартты. Мен ошол кинодо башкы ролду ойнодум. Буюрса, алдыда актёрдук чеберчилигимди арттырып, роль жарата берем.
— Жеке жашооңуздагы пландарыңыз кандай?
— Татыктуу жигитке турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлөнүн очогун тутантсам дейм. Мен дагы ал адамга татыктуу жар болгум келет. Бирок азыр мага турмуш куруу эрте.
— 2017-жылы Баку шаарында өткөн эл аралык сынакта 2-орунду багындырган элеңиз. Азыр деле фестивалдарга катышып жатасызбы?
— Ооба, ал менин алгачкы эл аралык сынакка катышуум болгон. Андан кийин ошол эле жылы Россиянын «Романсиада» фестивалына катышып, 2-орунду алгам. Былтыр Кыргызстанда жаш, профессионал композиторлор арасында өткөн конкурста баш байгени алгам. Быйыл мен чыгарган эки композицияны Башкириядагы сынакка жөнөтүшүп, обондорум биринчи жана экинчи орунду багындырыптыр.
— Муратбек Бегалиев өңдүү бараандуу композиторлор сиздин чыгармаларыңызга кандай баа беришет?
— Агайым Муратбек Акимович айтмакчы, чыныгы композитор симфонияны да, операны да жазганды билүүсү кажет. Обон жазуу профессионал композитор үчүн эң оңой иш. Агайларым ырларымды угуп көрүп «сенин ар бир нотаң кыргыз жыттанат. Кыргыз колоритиндеги чыгармалар» дешет.



















