кундуз канатбек кызы биография

Кундуз канатбек кызы биография

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

кундуз канатбек кызы биография. Смотреть фото кундуз канатбек кызы биография. Смотреть картинку кундуз канатбек кызы биография. Картинка про кундуз канатбек кызы биография. Фото кундуз канатбек кызы биография

Сахнада өзүн назик алып жүргөн ырчы Кундуздун жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылдык. Ырчы айым кандайча сахнага келгенин, кантип жылдызга айланганын жана алгачкы сүйүүсүн айтып берди.

«ЧАЧЫМА ЧАЙЫР ЖАБЫШЫП. »
-Эки эжем, бир агам бар. Мен 1 жашка чыкканда Көлдөн Бишкекке көчүп келгенбиз. Үйдүн кенжеси болгондуктан апамдын жанынан такыр чыкчу эмесмин. Биринчи жолу бала бакчага барганымда сезимдер башкача болду. Негедир ал жак мага ооруканадай сезилген. «Калбайм» деп ыйласам да болбой апам балдардын жанына калтырып кетип калган. Бара-бара ал «ооруканага» да көнүп кеттим. Ошондо эле өзүмдүн айтканымды бербеген өжөр кыз элем. Ал кезде кытай көйнөктөрү мода эмес беле. Кышында кытай көйнөктөрүмдү кием деп көгөрүп туруп алмай адатым бар экен. Айласы кеткенде апам шым менен жайкы кытай көйнөктөрүмдү кийгизип койгонун айтып калат.
Бир жолу чатырдын астында отурсак шыптагы чайыр эрип, чачыма жабышып калыптыр. Бала бакчага эжем менен чогуу барчумун да, эжеме айтып жанымдан өтүп бараткан баланы чаптап салды деп күнөөлөп салдым. Эжем ал байкушту аябай урушканы эсимде. Азыр эстесем, бала кылбай эле, шыптан чайыр эрип түшүптүр да.
Апам мени 1-класска алып барганда биринчи партага отургузду, ошол бойдон 11ди бүткөнчө ордумдан жылган жокмун. Сабактан качып, тентектик да кылган эмесмин. Эжем башка мектепте окучу, «разборкаларга» көп катышып, көп мушташчу. Ал мага «Биздин үй-бүлөгө мушташкан бирөө эле жетишет. Сен назик бол. Эгер бирөө капа кылса мага айт» деп тамашалап калчу. Эжемди мектептегилер билгендиктен мага тийише алышчу эмес.
Мектепте мага көбүнчө төмөнкү класста окуган балдар кат жазышты. 9-классымда болсо керек, 6-класстагы кичинекей бала мени жакшы көрүп, сүйүүсүн билдирип жүрдү. Бир күнү сабакта отурсам класска кирип, мугалимдин көзүнчө тизелеп отура калып «я тебя люблю» дебеспи. Бир жолу апасынын иштетилип, кутусунун жарымына түшүп калган атырын көтөрүп келиптир. Айтор, кызык жоруктарды жасап койчу. Өзүм чоң класста окуган бир баланы жактырып жүрдүм. Ага анкетамды берип, «кимди жакшы көрөсүң?» деген жерден өзүмдүн атымды окуп алып абдан сүйүнгөм. Мен да уялчаакмын, ал да уяң болчу, экөөбүз бири-бирибизди көргөнүбүзгө сүйүнүп жүрдүк. Кийин дос болуп, балалык сезимдерди эстеп күлүп калчубуз.

«АЛГАЧ ТРИОДО ЫРДАГАМ»
-Кичине кезимден тартып чет элдик ырчылар Мэрайя Кэри, Тони Брэкстондун концерттерин көрүп таасирленип, ырчылыкка кызыгуу жаралган. Агам Филипп Киркоров, мен Алла Пугачёва болуп бири-бирибизге концерт коюп берчүбүз. Чоң класста окуп жүргөндө мектептеги 2 кыз менен трио түзүп, ырдап калдык. Бир жолу Спорт Сарайында концерт болуп жатыптыр. Алып баруучуга түз эле кирип, «биз ырдайбыз» деп догурунуп жатып сахнага чыкканбыз. Ырчыларга аралашып жүрүп Айя Садырова менен таанышып, ал аркылуу шоу-бизнес тууралуу көп маалыматтарды билдим. Кийин топто иштөө оор болуп кетти. Анткени бири-бирибизди күтүп жатып барчу жерден кечигип калчубуз. Мен ак кием десем, бирөөсү көк кием деп көз караштарыбыз келишпей, акыры топтон чыгып кеттим.
Бир жылдай продюсер менен иштешип, кийин өзүмчө ырдап көрөйүн, болсо болду, болбосо жок дедим. Ошол кезде Сема «дуэт бар, ырдабайлыбы» деп сунуштап калды. «Менин параметрим 90-60-90 болбосо, мактангандай болуп калам, эл ал ырды кабыл албайт го» деп кыйылып жүргөм. Апама айтсам «ырдап коё бер, андан эч нерсе болбойсуң» деп койду. Ошентип студияга барып ырды жаздырып, ал ыр күтүлбөгөн жерден популярдуу болуп чыга келди.

«АТАМ ҮЙЛӨНГӨНДӨ КЫЗДАР ЫЙЛАШЫПТЫР»
-Учурда апам, агам, жеңемдер менен турам. Апам кээде «Турмушка чыксаң мени өзүң менен ала кет. Мен сени менен жашайм» деп тамашалап калат. Өзү да абдан тамашакөй, бирөөлөрдү укмуш туурап коёт. Мен кайгырсам да, кубансам да сөзсүз апам менен бөлүшөм. Үйдө жүргөндө бар-жогум деле билинбей, тынч жүрөм да. Ошол сапатымды апам атама окшоштурат. «Атаң жактырбаган адам менен сүйлөшчү эмес. Өзү менен өзү жүрө берчү» деп көп эскерет. Атам жаш кезинде эле оорудан каза болуп калган. Апамдын айтымында, кичинекей балдарды аябай жакшы көрчү экен. «Атаң «көп балалуу болобуз» деп кыялданчу. Азыр тирүү болгондо силер аябай эрке, көпкөн балдар болмоксуңар» деп калат. Аябай баласаак болуп, жумушка барарда да балдарынан кете албай айланчыктап жүрө берчү экен. Менин келбетимди атама окшоштурушат.
Атамды сүйгөн кыздар көп болуптур. Айылга барып калсам эжелер «Атаңды аябай жакшы көрчүбүз. Апаңа үйлөнгөндө ыйлаганбыз» деп калышат. Апам болсо «атаң менен конокко баратканда мен эмес, атаң эки саат күзгүнүн алдында турчу. Түрлөп кийингенди жакшы көрчү» деп көп эскерет. Келбеттүү, тыкан, өзүнө каранып кийингени үчүн айымдар жактырышса керек. Атамдын ушундай кылык-жоруктарын апам эстеген сайын көзүмө жаш ала берем.

Источник

Кундуз канатбек кызы биография

кундуз канатбек кызы биография. Смотреть фото кундуз канатбек кызы биография. Смотреть картинку кундуз канатбек кызы биография. Картинка про кундуз канатбек кызы биография. Фото кундуз канатбек кызы биографияЫрчы Сема менен “90-60-90” ырын аткарып чыгып жумурай журтка таанылган Кундуз Канатбек кызы сахнадан алыстап кеткенине көп болду. 2009-жылы “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Сахна ажары” наамына татыган ырчы бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине жакында турмушка чыгып, 26-июль күнү үлпөт тоюн өткөрүштү. Ырчы келин, маек төрүбүздө акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп отурду.

– Кундуз, конгон тууруң бек болсун, турмушка чыгыптырсың, куттуктайм!

– Ооба, турмушка чыккам. Рахмат. Менде азыр баары жакшы. Бир кездеги жигитим азыр жолдошум. Бир нече жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот экен. Айрымдар кундуз канатбек кызы биография. Смотреть фото кундуз канатбек кызы биография. Смотреть картинку кундуз канатбек кызы биография. Картинка про кундуз канатбек кызы биография. Фото кундуз канатбек кызы биографиятаанышканына 1 ай болгондо эле баш кошушат. Экөөбүз бири-бирибизди жакындан таанып-билип, анан баш коштук. Ал Чүйдүн кулуну.

Чынында той бергенди, андагы ысырапкорчулукту жактырбайм. Ошондон улам үлпөт көйнөгүн кийип, машиналарды чуурутуп элге көрүнүүнү каалаган жокмун. Бул жагынан жолдошум экөөбүздүн оюбуз дал келди. Чоң той берүүгө кызыкпай, чыгынбай жүрө бердик. Бирок кыргызда ага-тууган, сөөк-тамыр, жоро-жолдош көп да. Алар “качан той беришет?” деп күтүшөт экен. Ошентип 26-июль күнү тоюбузду өткөрүүнү чечтик.

– Жакшы, тойго даярдык кандай? Сахналаштарың да келишеби?

– 200гө чамалуу конок чакырдык. Мурун-кийин мындай той өткөрбөгөндөн кийин сарсанаа болот экенсиң. Албетте, сахналаштарым, курбуларым, санаалаштарым келишет. Канча жылдан бери чыгармачылыктын ысык-суугунда жүрүп, бир туугандай досторду тапкам. Алар менен дайыма катташып турам. Анын үстүнө сахна ырчылардын экинчи үйү болуп калат экен.

– Бал айын өзгөчө өткөрүүнү пландасаңар керек.

– Кыздар кыялкеч келет эмеспизби. Башынан эле той бербей, ага кеткен акчага жер кыдырууну самачумун. Бал айын Франция, Италияда өткөрсөк деп кыялданып жатканбыз. Буюрса, тойду өткөрүп, анан ал жагын ойлонуштурабыз.

– Канча балалуу болсок деп пландап жатасыңар?

– Биз үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен бир туугандардын кичүүсү болуп 2 эжеме, байкеме каалашымча эркелейм. Келечекте менин балдарым да бири-бирине таянып, эркелеп чоңоюшса дейм. Ошондуктан жок дегенде үч балалуу болсок дейм.

– Үйдүн кичүүсү болгонгобу, апаңа аябай жакын экениңди билем. Сен турмушка чыкканда ал кишинин ичи ачышып жаман болду го.

– Ооба, апама аябай жакынмын. Кичинемде апамды этектеп эле жанынан чыкчу эмесмин. Ашканага барса ашканага, конок бөлмөгө барса ал жакка барып чап кенедей эле жабыша берчүмүн. Кичирээк кезимде апам тамашалап көйнөгүнүн этегин карматып койчу. Ишенсеңиз, кичинемде канчалык алдап-соолашпасын лагерге да барбай, апамдын жанында жүрө берчүмүн. Эс тартканы “турмушка чыкпайм, сиз менен өмүр бою жашайм” деп койчумун. Апам анымды чын көрүп чочуп “кой, ай, антип айтпа. Ошондой болмок беле? Кыз бала бактысын таап, эне болушу керек” дей берчү. Ошентсе да эне да, мен кетерде баары бир ичи ачышты.

– Бир нерсени оңою менен жактыра бербеген мүнөзүң бар эле, келин болгону мүнөзүңдө өзгөрүү болдубу?

– Туура айтасыз, жашоодо идеалдуу адам жок деп коюшат эмеспи. Ар бир адамда кемчилик болот. Сиз айткандай, менде да кыял бар. Мага жакпаган адам менен эч качан сүйлөшө албайм. Бирок адамдын көңүлүн ооруткандан корком. Болушунча жөнөкөй, адамгерчиликтүү болууга аракет кылам. Анан бирөөгө да жагына албайм. Бирөөгө катуу айтып алсам кайра жүрөгүм ооруп, өзүмдү коёрго жер таппай кыйналам. Мени жакшы билгендер өзгөрдүң же өзгөргөн жоксуң дешпесе, мага билинген жок. Баягы эле Кундузмун.

– Сахнадан эмнеге алыстап кеттиң эле?

– Сахнадан алыстаганыма жеке жашоом себеп болду. Сахнаны сагынам. Сахна аркылуу дос, тууган, кесиптеш таптым. Аздыр-көптүр атым элге таанылды. Ошентсе да азыр мен үчүн эң биринчи орунда жакшы жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болуу турат. Ошондуктан болгон күчүмдү, убактымды үй-бүлөмө бурам. Калганын убакыт көрсөтөт.

– Чыгармачылыкка кайтарың же кайтпасың азырынча белгисиз экен. Эгер кайтпай калсаң эмне менен алектенишиң мүмкүн?

– Мен сулуулукту өтө баалайм. Ар бир адам, анын ичинде ар бир айым табиятынан сулуу. Бирок өзүн карабаса ошол сулуулук жаш өткөн сайын жоголот. Мен айымдардагы сулуулукту өчүргүм келбейт. Ошондуктан сулуулук салонун ачсам деген ниетим бар. Бул ишке өзүм дагы кызыгам.

– Негизи кайсы кесиптин ээси элең, дипломуң ишке жарадыбы?

– КУУнун экономика факультетин аяктагам. Бирок кесибим боюнча иштеген жокмун. Чынында экономика тармагында иштөөгө көңүлүм деле жок. Мен мектепти аяктаганда экономисттер өтө популярдуу болчу. Элдин баары ошол кесипти тандап жатышкан. Ошолордун агымына мен да кошулуп калгам.

– Жок, үнөмчүл эмесмин. Колумда канча акча болсо ошонун түбүнө түшмөйүн үйгө барбайм деп койбоймунбу. Канча акча алып көчөгө чыксам да кечинде үйгө чөнтөгүмдө эч нерсе жок барам.

– Рахмат, Кундуз. Ушуну менен маегибизди жыйынтыктайлы. Бактылуу бол.

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник

Кундуз канатбек кызы биография

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

Кериле басып, керме кашын серпе ырдаган Кундуз сахнага чыкканда бойдок жигиттер өпкөсүн аябай кыйкырып, алакандар ысыгыча кол чаап калышат. Анткени бул ырчы кыз чырай жүзү менен көп күйөрман топтоп келет.

МЕН ЭҢ БИРИНЧИ ЖОЛУ.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ.

– Кундуз, кош келипсиң. Өтө назик жан болгондуктанбы же бойдок жигиттердин көзү тийип кетеби, айтор, көп ооруйсуң.
– Баары жайында эле. Ысык-суукта той-топурда, концерттерде жүрө берип, суук тийип калат окшойт. Анын үстүнө кээде чакыруулар көбөйүп кеткенде жакшы эс ала албай да калам. Ошoлордун баары биригип өз таасирин тийгизди го, бир аз сыркоолоп, санаторийде дарыланып чыктым. Учурда чыгармачылыкка жаңы күч менен кириштим.
– “Бала чагымда уялчаак экенмин” деп айтып калчу элең. Кийин сахнага чыкканда бул нерседен кантип арылдың? Дегеним, сахнада уялчаактыктын кереги жок эмеспи.
– Эстесем, 5-6 жашымда эле ырчы болом деп кыялданчу экенмин. Туугандарым “кана, бизге ырдап берчи” дешсе, уялып качып кетчүмүн. Ошондо апам “сени ырчы кылбайм. Мынчалык уялчаак болсоң кантип ырдайсың?” деп намысыма тийчү. Анын сөзүнө арданчумунбу, дароо көйнөгүмдүн этегин кармап Наташа Королёванын “Маленькая страна” деген ырын созуп калчу элем. Кыскасы, уялчаактыгымды апам жөнгө салды. Кийин мектепте, ЖОЖдо окуп жүргөндө да ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келдим.
– Ырчы болуп калышыңа апаңдын таасири тийген экен да.
– Ооба, ырчылык өнөр апамдан өтсө керек. Анын баскан-турганын карап, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, андан искусствонун бир чебери чыкмак беле деп калам. Аябай жакшы ырдайт. Азыр боёнгонумдан тарта сахнада жүргөнүмө чейин апамдын сынынан өтөм. Сынчым да, сырдашым да – апам. Бир туугандарым менин кесибиме анча кызыга беришпейт. Байкем мамлекеттик кызматта иштейт. Эки эжем үй-бүлөлүү.
– Сахнага чыккандагы алгачкы кадамың эсиңдеби?
– 11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамымды таштагам. Ал кезде ырчы болууну самап жүрсөм да, чыгынып ырдап чыга албай жүргөн элем. Эсимде, Спорт Ордосунда чоң концерт болорун угуп, кимден экени эсимде жок “бизди программага кошуп койгулачы” деп суранганбыз. Ошондо чоң сахнага чыкканда сүрдөгөнүмдү айтпаңыз, бутум титиреп, айлана тумандап. Кийинчерээк топто ырдаш кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечтим.
– Эмнеге продюсер менен иштешпейсиң?
– Буга чейин Мурат Жолукеев менен иштешчүмүн. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова эже жакшы жардам берди. Антпесе мен жаңы чыгып жатканда Спорт Ордосу менен Актан Исабаевдин студиясын эле билчүмүн. Азыр болсо бардыгын өзүм билип калдым, продюсерсиз эле иштей алам.
– Ыр жаздыруу, клип тарттыруу жагынан ким демөөрчүлүк кылат? Же ырдап тапканың жетеби?
– Апам жардам берет. Анын чакан бизнеси бар. Тойлордо, чоң-чоң компаниялардын концерттеринде тапкан каражат деле мени нааразы кылбайт. Тапканымдын баарын өзүмө, чыгармачылыгыма жумшайм. Акчага сарамжалмын. Жөн салды чачкым келбейт. Тапканымдын баарын апама карматам.
– Сахнада биз назик, созулган Кундузду тааныйбыз. Үйдөгү, достор арасындагы Кундуз кандай болду экен?
– Үйдө деле ушундаймын. Үй жыйнайм, тамак жасайм. Кээде апам “жай кыймылдайсың” дейт. Бир үйдүн кенжеси болгонгобу, апама азыркыга чейин эркелейм. Дайыма эле созулуп жүрө бербейм. Менин деле жиним келген, ачууланган учурларым болот. Ал эми достор арасында тамашакөй жанмын.
– Бай, белгилүү мырзалар арасында эл көзүндө жүргөн жаш, сулуу кыздарды «ээлеп» алмай деген адат көп байкалат. Сага тор жайгандар болду беле?
– Жок, андайлар болгон эмес. Негизи, мен мындай сунуштарга такыр макул эмесмин. Турмушка сүйүү аркылуу гана чыккым келет. Бул сезимди жогору баалайм жана аздектейм.
– Демек, бул сезимиңдин ээси бар деп түшүнсөк болот экен да.
– Азыр сезим жөнүндө сөз кылгым келбей турат. Ар нерсенин өзүнүн айтылчу убагы бар.
– 1-Апрель – Күлкү күнүнө карата “спортчу Данияр Көбөнов Кундузга үйлөнөт” деген тамаша иретинде кабар жазган элек. Кандай кабыл алдың?
– Данияр Көбө­новду мен спортчу катары гана тааныйм, сыйлайм. Мен аны менен сүйлөшмөк түгүл жакындан көргөн эмес элем. Тамаша экенин түшүнбөй калган туугандарым, тааныштарым мага, апама чалып, “эмнеге бизди тойго чакырган жоксуңар?” деп таарынышты. Азыркы убакка чейин куттуктоолор менен чалып жатышат.
– Ырчылардын көпчүлүгү өзүлө­рүн кино тармагында сынап көрүшүүдө. Сени бул тармактан көрө алабызбы?
– Сунуштар болгон эмес дебейм, болгон. Бирок алардын дээрлик бардыгы мүнөзүмө ылайык келбеген ролдор эле. Бир келген өмүрдө киного да тартылсам деген ниетим бар.
– Сен пенcия курагына келип калдың дейли. Ошол учурдун бир күнүн элестетип айтып бере аласыңбы?
– Бул суроо берилгенде эле негедир мотурайган балдар көзүмө элестеп кетти. Мен көп балалуу болгонду кыялдана берем. Анан пенсия курагына келип калганда кетирейген неберелеримди жетелеп сейил багында жүргөнүмдү элестетип кеттим. Анан да менин эң жакын адамдарым – апам жана туугандарым менен чоң дасторкон үстүндө буркурап кайнаган самоордун чайын чогуу ичип отургум келет.
– Сөздү тандап сүйлөйсүңбү же оюңа биринчи эмне келсе айтып алып өкүнгөн учурлар болобу?
– Сөзгө маани берип айтканга аракет кылам. Бирок көпчүлүк учурда оюма биринчи эмне келсе айтып, таарынтып алган убактар көп кездешет. Ушул сапатымдан улам бир жолу жакын курбу кызымды катуу таарынтып алгам.
– Маегибизди сенин акыркы жаңылыктарың менен жыйынтыктасак.
– «Алгачкы сүйүүм» деген ырыма клип тарттырып жатам. Бул чөйрөдө жүргөнүмө 6 жыл болуп калыптыр. Буга чейин мени ким таанымак эле деген ойдо болчум. Акыркы убакта “жеке концертиңди качан бересиң?” дегендер көбөйдү. Буюрса, күзүндө борбор калаабызда жеке концертимди берсемби деп пландап жатам.
– Анда чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Источник

Кундуз канатбек кызы биография

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.

– Кундуз, сен курдуу кыздарга кеңеш берип кетсең. Дайыма сулуу болуп жүрүүнүн өзгөчө рецеби барбы?
– Ар бир айым өз алдынча сулуу. Болгону, ошол сулуулукка кам көрө билүү керек. Мисалы, кээ бир айымдар тырмагын унутуп коюшат. Ал эми кам көрүлгөн тырмак айымга бир топ эле сулуулук кошот. Кымбат баалуу косметика каражаттарын сатып алуунун ордуна табигый жер-жемиштерден жасалган маскаларды колдонуу бир топ эле натыйжасын берет. Мен жумасына бир жолу бетиме жана чачыма сөзсүз түрдө маска жасайм.

– Жагып калган жигиттин көңүлүн кантип өзүңө бурасың? Сырларынан айта кетсең.
– Бир мырзаны жактырып калдың дейли. Бирок ал сага назарын салбай жатса.
Биринчи кадам: Өзүңө көңүл бур. Өтө модалуу кийинүү менен эле мырзага чалма сала албайсың. Жарашыктуу жана келбетиңдин сулуу жерин ого бетер баса белгилей турчу кийимди танда. Жигиттердин көпчүлүгү шым кийип шымаланган кыздарга караганда көйнөк кийген бийкечтерге көбүрөөк назар салышат. Ошол эле учурда өтө ачык эмес. Кыска, ачык кийинип алсаң да ою жаман жакка кетиши мүмкүн. Анан да орой сүйлөбөй, назик болууга аракет кылуу керек.
Экинчи кадам: Жагымдуу жылмаюу жана бардыгын түшүндүрүп туруучу көз караш – айымдардын мырзаларды тартуучу бирден-бир куралы. Сага көңүл бурбай жаткан адамга жылмайып кой. “Адамдын жан дүйнөсүнүн күзгүсү – көз” дегендей, сен жактырган мырзага көз караш менен баарын түшүндүрүүгө аракет кыл.
кундуз канатбек кызы биография. Смотреть фото кундуз канатбек кызы биография. Смотреть картинку кундуз канатбек кызы биография. Картинка про кундуз канатбек кызы биография. Фото кундуз канатбек кызы биография– Тажаткан фанаттарыңа кыйкырып, жаман сөз айтып салган учурларың болобу?
– Кээ бири чын эле аябай тажатышат. “Мынча мүнөтүңүздү бөлүп коюңузчу” дегенинен сүйлөшүп койсоң, балээге калдың, “жаным” деп алышат. Кээ бирөөлөр болот, “чалба” десем, “анда ала качып кетем” деп коркутушат. 23-февралдагы бир концертте күйөрманым “майрамың менен!” деп гүл берип жатпайбы. Элдин алдында кызарып, аябай жаман болгом.
– Учурда жигитиң барбы?
– Көз кырымды салып жүргөн бирөө бар. Ал менин бардык талаптарыма жооп берет. Бирок азырынча кыз-жигит эмеспиз.
– Үйдөгүлөр деле турмушка чык деп жатышса керек?
– Үйдүн кенжеси болгондуктан, чоңойсом деле апама кичинекей көрүнсөм керек. Апам “сен турмушка чыксаң, кошо барып алам го” дечү. Азыр “бактыңды табышың керек” деп көп айтчу болду. Мен да турмушка чыгуу тууралуу ойлоно баштадым.
Кундуздун төмөндөгү Талант аттуу фанаты Каракол шаарында жашайт. Ырчынын айтымы боюнча, аябай берилген күйөрмандарынын бири. Биз бул жигитке байланышканыбызда түнү бою жол жүрүп Бишкекке келип калды. Көрсө, жигит учурдан пайдаланып, Кундуздун келе жаткан туулган күнүнө гүлдесте берүүнү чечиптир.
кундуз канатбек кызы биография. Смотреть фото кундуз канатбек кызы биография. Смотреть картинку кундуз канатбек кызы биография. Картинка про кундуз канатбек кызы биография. Фото кундуз канатбек кызы биография
– Талант, канча жылдан бери Кундуздун фанатысың?
– Сахнаны аттаганынан бери.
– Кундуздун айтымына караганда, сен күнү куру калбай телефон чалып, ыр жазып, СМС жиберип турат экенсиң.
– Өзүм акын эмесмин, бирок сүйүү жаздырып жатат. Телефон чалып тажаткан күндөрүм да болду. “Кундуздун жүрөгү бош эмес” деген ой келсе да, жетиш керек деп жүрөм. Жакында эле бир досум менен таарынышып кеттим. Ал Нелянын, мен Кундуздун таламын талаштык. Гезит беттерине Кундуз жөнүндө жаман макалалар чыгып калса да кадимкидей жинденем.
– Эгер Кундуз “мен үчүн жардан алыс секир” десе, секирет белең?
– Эгер Кундуз менин аркамдан секирсе, анда секирем. Бул жакка жалгыз өзүн таштап кетким келбейт.
– Жашың отуздун оозунда экен. Кундуз үчүн үйлөнбөй жүрөсүңбү?
– Мм, үмүттүн шамы өчпөйт да.
таланттын Кундузга жазган СМС теринен

Туулган күнүң сенин жазда экен,
Тилегимди айтам азга мен.
“Эл ырчысы” деген наам албай,
Эч билинбей, Кундуз, калба сен.
Туулган күнүң сенин жазында,
Куттуктаймын достор сабында.
“Кандай белек берсем экен?” деп,
Мен жүрөмүн сенин камыңда.
Жакшы ырдайсың, аны билемин,
Жолуң шыдыр болсун, тилегим.
Концерт берсең эгер чоң залда,
Гүл көтөрүп сөзсүз келемин.
Оюң чыксын дайым оңунан,
Миллион тап кыргыз сомунан.
Кызыл гүлдү туулган күнүңдө,
Берейин өөп, өз колумдан.
Телефондо сенин ырың бар,
Укпай калсам болом зар,
Эгер сүйсөң, болом сага пар.
Кундуз, бүгүн кантип унчукпайм?
Туулган күнүң менен куттуктайм!

АШЫКТЫК КАТЫ
– Саламатсыңбы, Кундуз! “Карындашым, карагаттай карегиңден айланайын, кундуздай чачтарыңа байланганмын” деп катымды баштагым келди. Кундуз, сен алгач сахнага чыккан күндөн баштап жаным жай таппай келет. Сени көргөн сайын дене-боюмду жалын каптап, алоолонуп жана берем. Кээде кыялга батып кеткенде дүкүлдөп көкүрөктү жарып чыкчудай болгон жүрөгүмө бекем кысып, роза гүлүнүн желекчесиндей үлбүрөгөн эриндериңен өөп да алам.
Эх, мен 20 жаштан оогон кезде кайда элең? Эгерде ошол кезде сени жолуктурсам, сага жетүүгө бүт чамамды жумшамакмын. Чынын айтайын, азыр мен эр ортону элүүдөн ооп калдым. Бирок жүрөк кургур жашыма, үй-бүлөлүү экениме баш бербейт.
Учурда үч уул, бир кыздын атасымын. Улуу балам 19га чыгып калды. Ал да сени жакшы көрөт. Кээде үй-бүлөбүз менен чогуу телевизордон сени көрүп калсак, балам телмирип карап калат. Андан өтүп мен. Ошол жерден аябай жаман болом. Кадимкидей баламдан сени кызганам. Ушул учурда “Кундузумду канча эркек карап турат болду экен?” деп тим эле ичимден түтөп, бышып кетем. Кээде келечектеги жолдошуңду элестетип алып андан да жаман болом. Билбейм, картайганда мени Кудай урду, ашык кылып сага. Ооба, мен бул сүйүүмдү сага барып айта албайм. Бирок ак кагаздын бетине чиймелеп, кичине болсо да жеңилдене түштүм.
Мырзалы, Талас шаары

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *